Экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева: "Инспекциянын жетекчилигине үнүм жетпей калганда аргасыздан президентке кайрылдым"

Үч жылдан бери Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн Анара Мамбеталиева мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен айдалган. Ал коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кеткенин билдирген. Буга чейин ал инспекциядагы көйгөйлөр боюнча жетекчиликке кайрылганын айткан. Анын сунуштарына көңүл бурулбагандыктан 11-июлда плакат көтөрүп алып, кесиптештерин таза иштөөгө чакырган. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев маалымат катчы нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынганын билдирген. Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Президент маалымат катчы айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. Бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевмаалымат жыйында Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын айтты.

SUPER.KG порталынын "Президентке мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты "ортомчуларсыз" кантип жеткирүүгө болот?" деген соболуна экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева жооп берди.

Ал президентке кайрылардын алдында инспекциянын жетекчилигине 10-15 жолу киргенин билдирди.

"Мен дароо эле президентке кайрылган жокмун. Буга чейин инспекциянын ичиндеги кемчиликтерди, кадр жетишсиздигин, ошондой эле коррупцияга катыштыгы бар деп күмөн санаган адамдар тууралуу айтып келгем. Ички жыйындарда элдин нааразычылыгын жокко чыгаруунун негизинде коом менен тыгыз байланышта таза, так иштейли деген сунуштарымды киргизгем. Жетекчиликке кирип коррупцияга катыштыгы бар деп күмөн санаган адамдардын аттарын атап, ушул кызматкерлерге чара көрүп бергиле деп кайрылгам. Бул маселе кечээ эле чыга калган жок. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чакырыгына ылайык, мен кадр саясатын өзгөртүп, кесипкөй адистерди алалы деп чакыргам. Эч кандай акция, митинг же баш аламандык уюштурган эмесмин. Өзүмдүн кесиптештеримди таза иштөөгө чакыргам. Бул чакырыкты жайдын башында эле баштагам. Качан гана сунуштар ишке ашпай, мага карата катуу чара көрүлгөндөн кийин аргасыздан коомчулукка айтып чыкканга туура келди. Мени мыйзамсыз жумуштан кетиргенден кийин бир нече жолу жетекчиликке кирдим. Жетекчиликке үнүм жетпей калганда президентке кайрылууга аргасыз болдум. Жалгыз коррупцияга каршы күрөшкөнгө алым жетпей турганына көзүм жетти. Акыркы кадамым президентке кайрылуу болду", - дейт Мамбеталиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Искендер Матраимов, Зарылбек Рысалиев, журналист Нарын Айыптын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан