КҮНСЕРЕП: КСДПчы депутаттар өздөрү шайлаган өкмөткө нааразы

Бүгүн, 13-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"КСДП фракциясы мурдагы вице-премьер Токон Мамытовду акыйкатчы кызматына талапкер катары көрсөтөт" деген маалымат соңку күндүн жаңылыгына айланды. Кызыктуусу, Мамытов өзү SUPER.KG’ге бул маалыматты төгүнгө чыгарып, бир дагы фракция ага аталган кызматка барууну сунуштабаганын айтты. Бирок ал бул кызматка чакырылып калса, баш тартпай турганын да жашырган жок. Анткен менен Токон Мамытовдун акыйкатчылыкка КСДП тарабынан сунушталып жатканын социалдык тармакта жарандык коом көбүнесе сын менен кабыл алды.

Акыйкатчы кызматы эки айдан ашык убакыттан бери бош турат. Мыйзамга ылайык, мамлекет бир айдан ашуун убакыт акыйкатчысыз болбош керек. Буга чейинки акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңеш каникулга кетип баратканда отставкага кеткен. Ошондон улам Кыргыз мамлекети эки айдан бери акыйкатчысы жок күн өткөрүүдө.

Акыйкатчы институту - мамлекеттик органдар тарабынан жарандардын укуктарынын бузулушун коргоочу ыйгарым укуктуу орган. 2002-жылы Кыргыз мамлекетинде биринчи акыйкатчы болуп Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган. Андан кийин Турсунбек Акун, Бактыбек Аманбаев, Кубат Оторбаев акыйкатчы болуп иштеген. Мыйзамга ылайык, акыйкатчы кызматына талапкерди сунуш кылуу укугуна парламенттик фракциялар ээ. Бул кызматка ар бир фракция үчтөн көп эмес талапкерди сунуштай алат. Жогорку Кеңештин 50дөн кем эмес депутаты добуш берсе, талапкер шайланды деп эсептелет.
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтө турганы белгилүү болгон. Канатбек Азиз аталган фракциянын катчылыгында эмгектенет. Ал "Ата Мекен" партиясынын юристи болуп иштеп келет. Жогорку Кеңештин депутаттарынан кем калбай Акыйкатчы институту дагы өздөрүндө көп жылдан бери иштеп жаткан Урмат Аралбаевдин талапкерлигин парламентке сунуштаган. Акыйкатчы болуу ниети менен парламентке документтерин тапшыргандар да бар. Алардын бири - президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев. Экинчиси - укук коргоочу Рита Карасартова. Анын талапкерлиги буга чейин 2015-жылы “Республика-Ата Журт” фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн болчу. Бирок анда “Республика-Ата Журттун” талапкери шайлоодон өтпөй, КСДПнын талапкери Кубат Оторбаев өтүп кеткен. SUPER.KG порталынын Күнсоболуна жооп бергендердин көпчүлүгү Канатбек Азиздин талапкерлигин колдошууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары жарандык коомдун пикирин эске алып, учурда колдоого ээ болуп жаткан Канатбек Азизди тандашабы же мурункудай эле КСДП сунуштаган талапкер акыйкатчы болуп шайланабы? Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери шайланган окуялар кайталана турган болсо, анда жарандык коом бул сапар да утулуп калышы ыктымал...

Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ депутаттар экономикалык өсүүнүн төмөндөп кеткени боюнча өкмөттү сынга алды. Улуттук статистикалык комитети акыркы айларда экономикалык өсүүнүн темпинин төмөндөөсү байкалып жатканын кечээ билдирген эле. Ички дүң продукциянын көлөмү быйыл сегиз айда былтыркы жылга салыштырмалуу 0,3 пайызга азайган. Өнөр жай продукцияларынын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 9,3 пайызга төмөндөгөн. Экспорттук операциялар 1,6 пайызга төмөндөгөн.

КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев экономикалык көрсөткүчтөр начарлап кеткенин айтып, өкмөттү жакшы иштөөгө чакырды. Ал өнөр жай, экспорт, түз инвестициянын көлөмү да азайганын белгилеп, бул көрсөткүч жакшы эмес экенине токтолду. "Жыл аягына чейин 3 ай калды. Бул тармакка жакшы көңүл буралы. Дагы бир маселе бар. Ушул убакытка чейин мамлекеттик ипотека 3929 адамга берилиптир. Кезекте 15 миңден ашык адам турат", - деди Карашев. Ошол эле фракциядан депутат Рыскелди Момбеков Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы Андрей Бельянинов Кыргыз өкмөтүн сындаганын айтты. Момбеков билдиргендей, Бельянинов "Кыргыз өкмөтүндө эч нерсени түшүнбөгөндөр иштейт" деп айткан. Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул сөзгө жооп кайтарбаганына нааразы болду. "Бельянинов Кыргыз өкмөтү алмаша берип, биз адашып, тажадык. Акча берели десек түшүнбөйт деди. Башкача айтканда, Кыргыз өкмөтүндө көк мээлер иштеп жатат деди да. Өкмөт башчы Путиндин тилинде жооп берип койбойбу? Анын ордуна премьер-министр Көчмөндөр оюндарынын жабылышында Черчиллдин тилинде сүйлөп жатат. Эл үчүн англис тилин эмес, эне тилин, экономиканын тилин билген премьер-министр керек", - деди Момбеков. Ушул эле фракциядан депутат Карамат Орозова “Завод-фабрика куруп, иш орун түзүп, элге жеңилдик кылып бербесе, мындай өкмөттүн кереги барбы?” деген суроо койду.

Бул аралыкта өкмөт кандай иштерди аткарганы баарына кызык. Абылгазиевдин Бишкек шаарында таза суунун тарифин жогорулатуу демилгеси коомчулуктун сынына кабылганы маалым. Маалыматтык технология жана байланыш агенттигинин ар бир уюлдук телефонду каттоого алуу үчүн 100 сомдон төлөм алуу демилгеси дагы нааразычылыкты жараткан эле. Ошону менен катар өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 пайыз кылууну, азыркыдан 5 эсеге чейин көтөрүүнү демилгелегени да коомчулуктун каршы пикирин жараткан. Бул демилгелердин баары өкмөт башчы тарабынан четке кагыла элек, демек, жакын арада кайрадан көтөрүлүшү ыктымал.

Абылгазиев өкмөт башчы болгонуна 5 айдын жүзү болгону калды. Буга чейин SUPER.KG Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн толгондо саясатчыларга собол салган. Анда өкмөт экономикалык реформалар жасабаганын, "өкмөттүн өмүрү күзгө чейин" деген пикирлер айтылган болчу. Өкмөт депутаттар тарабынан кескин сынга алынып баштаганына караганда, Абылгазиевдин министрлер кабинетине бул күз чоң сыноо даярдап жаткандай...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан