"Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтөт

"Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта SUPER.KG порталына өзү билдирди.

"29-июнда аталган фракциянын жыйыны өтүп, мени акыйкатчы кызматына көрсөтүү боюнча чечим чыккан. Мыйзам боюнча, бир фракция 3 талапкерди чыгарса болот. Мени жалгыз талапкер кылып көрсөтүштү", - деди Канатбек Азиз.

Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов билдиргендей, бул маселе сентябрь айында Жогорку Кеңеште каралышы керек. "Мыйзам боюнча, биз графиктен калып жатабыз. Ошондуктан сентябрь айында парламентте бул маселе тез арада каралышы зарыл", - деди Шыкмаматов.

Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын арызын Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган.

Учурда Канатбек Азиз "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан