Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы бүгүн, 14-сентябрда саат 10:00дө Акыйкатчы кызматына талапкерлерди чыгаруу маселесин карайт.
Маалыматка караганда, бул маселе боюнча фракция лидери Иса Өмүркулов баяндама жасайт. Фракция жыйынынын күн тартибинде ар кандай маселелер да талкууланмакчы.
Акыйкатчы кызматында Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет.
Акыйкатчы - бул адамдын жана жарандын Конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзүүчү кызмат адамы. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкер болду.