Миграция кызматы: "Памирликтер Кыргыз паспортун алууга кызыкдар эмес"

Памирликтер Кыргыз паспортун алууга кызыкдар эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпар Мамбетова 14-сентябрда өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Кыргыз паспортун алуу боюнча буга чейин каалоолору болгон эмес.

"Кыргыз өлкөсү тараптан да маселе көтөрүлө элек. Өздөрүнүн да каалоосу жок. Анткени алар кайра эле Памирге барып турууну каалашат", - деди Мамбетова.

Ал эми каникул учурунда өз жерине кеткен 18 памирлик Кыргыз жерине кайтып келе электигин кошумчалады. "Каникул учурунда туугандары менен учурашып, өз иштерин бүткөрүү үчүн кеткендер азырынча кайтып келе элек. Кечээ биз менен байланышып, виза алуу маселеси менен алек болуп жатышканын айтышты. Сентябрь айынын аягында келип калышат экен. Ал эми Кыргыз өлкөсүнө таарынып кетип калганы боюнча маалыматтар чындыкка жатпайт", - деди Мамбетова.

2017-жылы өлкөгө Кичи жана Чоң Памирден 6 үй-бүлө, тагыраагы, 33 этникалык кыргыз келген. 2018-жылдын февралында дагы эки үй-бүлө көчүп келген эле. Кийин 9-июлда 18и Памирге кайтып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2018-09-14 12:23:21
Кыргызстанда жашоо жакшы болгондо мамлекет элге конул бурса алышмакта. Андан коро озубуз менен озубуз тиричилигибизди кыла берели деп жатышатта Памирлик бир туугандарыбыз.
0
Jelezo
2018-09-14 12:46:34
Алардан көбүрөөк акча алабыз деп жатышса, 5 он кг героин алып келип бер десеңер оңойурак кутулушмак
-4
Siren.ms
2018-09-14 12:51:10
Jelezo,бул эмне дегенин ботом алар геройин менен иш кылышат бекен?
0
bond02
2018-09-14 13:37:16
Алар Россияга барышпайт да ошол учун кыргыздын паспортуна кызыкпайт.
0
Jyrgal_msk
2018-09-15 00:52:11
Кыргыз паспортко кылмышкерлер кызыгат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан