Буга чейин социалдык тармактарда №223-маршруттук таксинин айдоочусу жупуну кийинген пенсионерди атайлап салбай кеткендиги тууралуу видео тарап, кызуу талкууга алынган.
Аталган маршруттук такси "Кут консун" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык экени белгилүү болгон. Ошондой эле коомдун жетекчиси Шаардык транспорт башкармалыгына чакырылганын, жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте териштирүү жүргүзүлөрү маалымдалган.
Шаардык аппараттын жетекчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына "Кут консун" ЖЧКсынын жетекчиси өзүнүн жана айдоочунун атынан кечирим сураган видеосун жарыялады.
Анда жетекчи пенсионер маршруттук таксини аялдамада эмес, көчө боюнда тосконун жана айдоочу эреже бузбастан айдап кеткенин, бирок адамдык сапат жагынан алып караганда туура эмес иш кылгандыгын айтып аксакалдан жана Бишкек шаарынын тургундарынан өзүнүн жана айдоочунун атынан кечирим сурады.