Бишкекте бала сатууга шектелип кармалган гинекологдорго үчүнчү кылмыш иши козголду

Бишкекте бала сатууга шектелип кармалган гинекологдорго дагы бир берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин гинекологдорго "адам сатуу" жана "жасалма документ жасоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголсо, эми "Мыйзамсыз түрдө аборт жасоо" беренеси да кошулду. Маалым болгондой, дарыгерлер мөөнөтү чоң кош бойлуу айымдарга да мыйзамсыз түрдө аборт жасашкан.

Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
DNurgiza
2018-09-14 19:15:45
КӨп эле айымдар чоң срок учурунда, боюнан алдырганы генекологдорго кайрылышат, алар искуственный род менен төрөтүп, акчасын ала беришет, ал жаңылык эмес.
+4
Rifle_I
2018-09-15 00:04:52
Мафия бар экен да бизде дагы. Эч оюма келбейт эле.
+2
Jyrgal_msk
2018-09-15 00:12:21
Бизде Саламаттыкты сактоо министр деген барбы?Акча учун адам сойгондор качан токтолот?Менин бир боломду башынан операция кылабыз деп,кесип кайра тигип койгон.Акчасын алган.Акемди операция кылабыз опконо деп артынан ээрчип алышкан.Башка жерге барып текшерсе опкосу таптаза экен.Кызыл онгочтон экен.Азыр жакшы.Акча учун таза адамды операция кылып жатышат.
+7
Luna15
2018-09-15 05:01:08
Кудай сактасын биздин врачтардан,кайн атам ооруп какпаган эшигибиз калган жок,аягында журогу ооруган кишини уролог 7мин алып озуно алып ошол жактан журогун даарылашты танкаласын карап туруп,а стенанын баарында вывеска коррупцияга орун жок деген
0
Totyua.71.
2018-09-15 06:07:28
Жалаң акчага байланган диагноз койгонуна да болбой калды дегенде беш жүз сом алышат,ооруп турганда жаның учун бересиң,диагнозду туура коюп карасын деп..
0
rysik79
2018-09-15 08:04:45
Турмодо чирийт эми гинеколоктор.
+2
Rifle_I
2018-09-15 15:18:09
rysik79,түрмөдөн да кийинки жооп бериши кыйын го эми.
+2
nurhan2702
2018-09-15 10:52:18
Кудайдын алдында куноого баткандан деле коркпой калышты тообо
+1
Aikaaaa
2018-09-15 22:40:30
Ооба,бир кездерде бала багып алсакпы деген ойдо сураштырсак,ден-соолугу жакшылары текшерилип роддомдон эле гинекологдор аркылуу сатылып кетет. А акыл эси кемдерин анан дом малюткага кетиришет деп жооп уктук эле
0
djantaliev.mambetkaly
2018-09-16 15:56:41
Реформаны медицинага эмес ,бүт мед персоналдардын врачтардын аң-сезимине реформа жасоо керек Гипократтын анты булар үчүн Чепоку болуп калган .Азыр биз ушундай бир эпохага,доорго өтүптүрбүз ,баардык туура эмес иштерибиз үчүн жооп бере турган .Адамдын убал-сообу деген болот .Жооп-сурак абдан катаал болот ¡!!!!!!!!! Укумдан-тукумга уланат .Ушул керекпи бизге ??????Ойлонгула бурадарлар !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан