Бишкекте террордук актыларды даярдоо максатында жиберилген эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1997-жылы туулган Б.Ш. аттуу жаран Сирия аймагындагы согушка катышып келген.
"Ал эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен буга чейин согуштук аракеттерге катышуу үчүн Сирияга барганы аныкталды.
Бул факт боюнча "Чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү" беренеси жана "улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кармалган жаран тергөө абагына киргизилди. Териштирүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.