"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлоо маселесин кеч чыгарып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков акыйткатчыны шайлоо парламент иш баштагандан тарта каралып жатканын айтты.
Масалиев мыйзамда Жогорку Кеңеш жумушка чыкканда каралат деп жазылбаганын айтты. "Ошондо "Ата Мекен", "Бир Бол" фракциясы бул кызматка июнь айында талапкер сунуштаган. КСДП жакында эле талапкерин сунуштады. Демек, КСДПнын талапкери мыйзамсыз сунушталып жатабы?" - деп сурады Масалиев.
Канат Керезбеков талапкерлер мыйзамдын чегинде сунушталып жатканын айтты.
КСДП фракциясы Токон Мамытов, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованын, Маматураим Момуновдун жана Рыскул Бактыбаевдин, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азиздин талапкерлигин көрсөттү.
Акыйкатчы кызматында Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал ушул жылдын 26-июнунда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган.