18-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 00:20да чектөөгө алынып, 02:10до толук өчүрүлгөнүн кабарлады.
Маалым болгондой, тилсиз жоо базардын 836 чарчы метр аянтын жалмап кеткен. Тактап айтканда, 8 контейнер ичиндеги кийим-кече жана азык-түлүк товарлары менен кошо күйгөн.
Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган.