Ош-Бишкек жолунда эки унаа сүзүшүп, ичиндегилер катуу жаракат алышты. Күбө айдоочулардын бири мас абалда болгонун айтууда

Бүгүн, 18-сентябрь күнү Ош-Бишкек жолунда Волга менен Хонда Степвагон унаасы сүзүшүп кетти. Аксыдагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров кырсыкка күбө болгонун, унаа ичиндегилер катуу жаракат алышканын SUPER.KG'ге айтып берди. Бекназаров кырсыкка себеп болгон Волга үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда болгонун айтууда.

"Кырсык Шамалды-Сай менен Таш-Көмүрдүн ортосундагы Чүйүт-Сай айылынын тушунда катталды. Степвагондун ичинде айдоочу, үч аял жана алардын 2 жаштагы баласы менен ымыркайы болгон. Эки аял менен балдардын абалы өтө оор. Баарын ооруканага жибердик. Ал эми кырсыкка мамлекеттик номурдагы Волганын айдоочусу себепкер болгон. Ал мас абалда болгондуктан рулду башкара албай каршылаш келаткан Степвагонду сүзүп алган. Натыйжада өзү да жаракат алып ооруканага кетти", - деди Бекназаров.

Аталган жол кырсыгы боюнча азырынча тиешелүү мекемеден жооп боло элек. Кырсыкка ким күнөөлүү экендиги экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан