Европанын 5 жолку чемпиону, орусиялык кикбоксчу Диана Каратееванын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мушкердин жансыз денеси өзүнүн Абакан шаарындагы үйүнөн табылган.
"23 жаштагы спортчуну өз үйүндө эс-учун жоготкон абалда достору таап, "Тез жардам" жана полиция кызматын чакырышкан. Тилекке каршы, окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери спортчу бир нече саат мурун каза болгонун билдиришкен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Каратеева иске ууланып көз жумган", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтөөдө.
Диана Каратеева Орусиянын кикбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү болгон. Ал көптөгөн эл аралык мелдештерде жеңишке жетип, өз салмак ченинде Европанын 5 жолку чемпиону болгон.