"Коопсуз шаар" долбоору боюнча жеңүүчү компанияны аныктоо иши аягына чыга элек

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн 14 күн мурун аукциондун биринчи этабында жеңүүчү аталган орусиялык "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясынын квалификациялык талаптары каралып бүтө элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 18-сентябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Зирек Асанова кабарлады. Анын айтымында, аталган компаниянын квалификациялык талаптары ушул жуманын аягына чейин каралып бүтүшү мүмкүн.

Зирек Асанова орусиялык компаниянын буга чейин комиссиянын кароосуна берген документтери 2 миң барактан тургандыктан кошумча убакыт керек болуп жатканын билдирген болчу.

"Азыр комиссия тарабынан экинчи этапта аудит каралып жатат, аягына чыгайын деп калды. Ушул жума аягына чыгып калышы мүмкүн. Бирок так айта албайбыз", - деди Асанова.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдарына ылайык, сынактык билдирмелерди баалоо, аудиттин мөөнөтү жана келишим түзүү 30 календардык күнгө барабар. Бирок Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров комиссиянын төрагасы катары аукциондун жеңүүчүсү бир аптанын ичинде аныктала турганын айткан.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион 4-сентябрда эки торук менен өткөн. Көрсөтүлгөн 2,5 миллиард сомдон кайсы тарап аз сумма сунуштаса, анын шарттары жакшы болсо, долбоорду ошол тарап ишке ашырат.

Орусиялык компания 1-торукта 1 миллиард 125 миллион 765 миң сом, 2-торукта 1 миллиард 195 миллион 575 миң сом сунуштап, жеңүүчү болгон.

"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан