"Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукциондун жеңүүчүсү апта аягында аныкталат

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукциондун жеңүүчүсү ушул апта аягында аныкталат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров бул тууралуу аукциондун жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, комиссия бүгүнтөн баштап аукциондо эң төмөнкү бааны сунуштаган орусиялык "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясынын документтерин жана ишти баштоо убактысын карап баштайт.

"Аукцион эки торуктан турду. Ага "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясы, "Маалыматтык коопсуздук систем" ишканасы жана “Альфа телеком" катышты. Эки торукта тең "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясы салыштырмалуу эң төмөнкү бааны сунуштады. Жыйынтыгында аталган компания биринчи критерий боюнча жеңди. Мамлекеттик сатып алуулар процедураларына ылайык, кийинки кадам тандап алуу комиссиясында. Комиссияга учурда аукционго катышкан тараптардын техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча документтери келип түштү. Комиссия мүчөлөрү документтерди тез арада карап чыгат. Мүмкүн болушунча ушул аптанын аягына чейин бүткөрөбүз. Эгерде эң төмөнкү бааны сунуштаган тараптын квалификациялык талаптары туура келбей калса, комиссия кийинки тараптын документтерин карайт", - деди Шатемиров.

4-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион жыйынтыкталды. Комитет долбоорду ишке ашыруу үчүн баштапкы баа 2,5 миллиард сом деп сунуштап, аукцион эки торук менен өттү. Көрсөтүлгөн 2,5 миллиард сомдон кайсыл тарап аз сумма сунуштаса, анын шарттары жакшы болсо, жеңүүчү ошол болот.

Орусиялык компания 1-торукта 1 миллиард 225 миллион 765 миң сом, 2-торукта 1 миллиард 195 миллион 575 миң сом сунуштады.

Аталган долбоор боюнча аукцион өткөн айда уюштурулуп, бирок техникалык себептерден улам жыйынтыкталбай калган.

"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан