Бишкек ШИИББи: "Эки күн мурун жансыз денеси табылган кыз көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирген. Жанында "Мен чарчадым" деп жазылган кат болгон"

18-сентябрда таңга жуук Бишкекте жаш кыздын жансыз денеси табылган эле. Ал көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирип каза болгонун SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Маалым болгондой, азырынча маркумдун аты-жөнү тактала элек.

"Кыздын аты-жөнүн тактоого аракет кылып жатабыз. Жанынан телефону жана "Мен чарчадым" деп жазылган кат табылган. Учурда иликтөө иштери уланууда", - деп кабарлашты шаардык милициядан.

Болжолдуу түрдө 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү кыздын жансыз денеси 18-сентябрь күнү таңкы саат 7:15 чамаларында 7-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанынан табылган. Октябрь РИИБинин ыкчам тобу айтылган дарекке барып, тергөө ишин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
monster_high_98
2018-09-20 09:30:31
Турмуш кыйынчылыктарына сыныпсын да!Кырдаалдан оной чыгуунун жолун издеп,,,Жаткан жери жайлуу болсун!
+5
zzz---zzz
2018-09-20 10:05:33
Чатырынан секирсе ошол жерде жашагандар көрсө керек эле, муну жакшылап изилдеш керек, балким башка версиялар болушу мүмкүн.
+9
farida.kg.1991
2018-09-20 10:05:46
Мен чарчадым ниме иш кылып чарчаптыр он гулунун бир гулу ачыла элек жаш кыз экен. Жайы жанаттан болсун
+4
baihan07kenjetaev
2018-09-20 10:18:43
Үч күндөн бери кантип өздүгүн аныктай албай жатасыңар, телефонунда бир да тууган уругунун номери жок бекен.
+17
raykray
2018-09-20 10:58:38
Дагы эле аныкталып буто элек уят, телефону болсо жолдору коп
+9
Asyl10
2018-09-20 13:53:14
Жанында телефону болсо тууган,досторунун контактары бар да,Ошолордон эле оздугун тактап жакындарына билдиришсе болот да, уч кундон бери моргго киргизип кармап отура бербей, жакындары алып кетип жерге бериш керек. Эмне деген иш бул,жоопкерчилиги жок. Тергоочулор акчалуулардын ишинен колдору бошобой жатат окшойт.
+8
Djumahmatov
2018-09-20 14:13:09
Колунарда телефону болуп оздугун 3 кундон бери тактай албасанар качып кеткен кылмышкерди 2-3 кылымдан кийин табасынар молодецтер
+5
KUMKA
2018-09-20 14:26:04
Биздин укук коргоо органдары кызматттык куболугун корсотуп коркутканга эле маш...Тааныш билиш менен келип алышып бутундой системага коо жабышууда...Башка олколордо бир илинчек тапса, сразу аныкташат, биздикилер анте алышпайт..Мен жакында уюлдук телефон жоготуп милицияга кайрылсам,жоголгон нерсени издоо ар бир жарандын озунун иши, биз уурдалган гана нерселерди издебейбиз деп жооп беришти.Мен тан калдым чындыгында ушул нерсени укканда..
+4
02.10.93N
2018-09-20 15:23:45
Ммм жаман нерсе кылып коюптур шайтанга азгырылып ,азгырык жаман да. Бирок мен дагы чарчап журом
0
tular
2018-09-20 17:33:13
Жанында телефону болсо, ошол сим картасын эле текшере койгула кимге катталганын, анан бат эле аныкталат оздугу!!!
Сыягы Эч ким териштиргиси келбей жатканго, Бул акча бербейт депчи...
+2
Asylai88
2018-09-20 18:31:30
Жанында телефону болсо кантип аты жонун аныктай албайт. Дагы кандай нерсе керек аты жонун аныктаганга. Ошол телефон жетиштуу го. Силерге не чайнап оозунарга салып бериш керекпи колунардан эч нерсе келбеши ушудан билсе болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан