Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 10 ай, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү жетектей баштаганына 5 ай болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн экономикалык абалы акыркы убактарда начарлап кеткенин айтып, өкмөттү сынга алышкан. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берүүгө болот?" деген соболуна эксперт Азамат Аттокуров жооп берди.
Анын пикиринде, өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын экспорттолбой жатышы экономикага терс таасирин тийгизүүдө.
"Бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикалык абалы жакшы эмес. Негизги көйгөй КМШ өлкөлөрүнүн валюталарына салыштырмалуу сомдун наркынын кымбат болушуна байланыштуу. Бул экспортко кедергисин тийгизип, бизден өндүрүлгөн товарлардын сыртка чыкпай жатышына себепчи болууда. Айыл чарбасында болсо баягы эле сертификат маселеси чечилбей айыл чарба азыктарын экспорттой албай жатабыз. Лабораториялар курулган эмес. Малга документ берүү жана эмдөө азыркыга чейин жолго салынган жок.
Ал эми экономикага оң таасир берип, өнүгүп келе жаткан тармак - бул курулуш тармагы. Бүгүнкү күндө көмүскө экономиканын таасири да экономиканын абалына кедергисин тийгизүүдө. Учурда көмүскө экономика жалпы экономиканын 40 пайызын түзүүдө. Буга салыктын оор болгондугу жана социалдык төлөмдөрдүн жогору экендиги башкы себеп болууда. Мындай көйгөйлөрдү жоюу үчүн социалдык фондду реформалоо керек", - деди Аттокуров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, жана экономист Кубан Чороевдин пикири бул шилтемеде.