Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 10 ай, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү жетектей баштаганына 5 ай болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн экономикалык абалы акыркы убактарда начарлап кеткенин айтып, өкмөттү сынга алышкан. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жооп берди.
Анын пикиринде, Орусияга карата киргизилген санкциялар Кыргыз өлкөсүнө да зыянын тийгизүүдө.
“Кумтөрдө көрсөткүчтөр 1-2-квартал боюнча азая түштү. Аталган ишканага байланып калгандыгыбыздан жалпы экономикалык көрсөткүч да төмөндөгөндөй сезилди. “Кумтөр” компаниясы 3-4-кварталда көрсөткүчтү 16-17 тоннага чыгарууну пландап деп жатат. Экономикалык абалыбыз кайра калыбына келет. ЕАЭБдин алкагында соода-сатык көбөйдү. Бирок Орусияга карата киргизилген санкциялардын кесепети бизге да тийди. Биз буга чейин мурунку өкмөттөрдүн ишине баа бердик. Азыркы өкмөттүн экономикага жасаган иштери 3 жылда чыгат. Дыйкандар жазда эгин эгип күзүндө түшүм жыйнагандай эле. Азыркы өкмөт октябрда 2019-жылдын бюджетин парламентке алып келет. Ошондо өкмөттүн каржылык абалына баа берсе болот. Бюджеттен экономикалык абалыбыз көрүнүп калат.
Армения өкмөтү биздики менен чогуу келди. Пашинян жакшы реформаларды жасады. Биздикин эми көрөбүз. Президентибиз мурда премьер-министр, облус башчысы болуп иштеген. Өкмөт башчыбыз дагы биринчи вице-премьер-министр, Социалдык фонддун башчысы болгон. Экөөндө тең тажрыйба бар. Командасын эми түптөп бүттү. Бийлик тынчтык жолу менен берилгени үчүн айрым кадрларга аяр мамиле жасалды окшойт.
Өткөн 6 жылда саясий күрөш менен алек болуп, кошуналардан экономикабыз ат чабым артта калды. Энергетиктер 2019-жылы тышкы карыз үчүн 14 миллиард сом бериши керек. Бирок алар электр энергиясынын тарифин көтөрөлү десек каршы болдуңар деп туруп алышат. Анан калганын элдин эсебинен төлөөгө туура келет. Учурдун эң маанилүү экономикалык маселеси - бул тышкы карызды убагында төлөө. Ошонун үстүндө иштөө керек”, - деди Жапаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, экономист Кубан Чороев жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.