Кара-Сууда жүгөрү талаасында жашынып жатканы айтылган кылмышкер кармала элек. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалым болгондой, азыркы тапта райондогу унаалардын баары текшерилип жатат. Ошондой эле жакынкы айылдар да текшерүүгө алынууда.
"Кылмышкер жашынган жүгөрү тааласы толугу менен текшерилип чыкты. Талаанын үстүнөн дрон менен да текшердик. Издөө иштеринин натыйжасында кылмышкер табылган жок. Ал айылдардын биринде жашынып жатышы толук мүмкүн. Учурда жолдорго блокпосттор коюлуп, ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө", - деди Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.
Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.
Жылдызбек Бекмурзаев өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Жылдызбек Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.