Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды жеңген балбан Акжол Махмудов БМВ үлгүсүндөгү унааны белекке алды. Бул тууралуу Араван райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааны Акжол Махмудовго жердештери жана туугандары белек катары анын жеңиши менен куттуктап тартуулашкан. Ошондой эле акчалай сыйлыктар да берилди.
Белгилей кетсек, Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, коло медаль үчүн күрөштө 2017-жылдагы дүйнө чемпиондугунун финалында жеңишти тарттырып жиберген АКШлык Камал Бейди жеңип алган. Беттештин жүрүшүндө АКШ балбаны 1 упай алса, Акжол Махмудов 8 упай топтогон.