Бүгүн, 18-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү жыйынтыкталды. Анда кыргыз спортчу Акжол Махмудов коло медалды утуп алды.
Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, коло медаль үчүн күрөштө АКШлык Камал Бей менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө АКШлык балбан 1 упай алса, Акжол Махмудов 8 упай топтоп жеңүүчү болду.
Муну менен Акжол Махмудов жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынды.
Айта кетсек, Камал Бей менен Акжол Махмудов 2017-жылы өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында кездешип, анда АКШлык балбан жеңишти илип кеткен.