"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылып, жүрөк ооруткан көрүнүшкө күбө болгонун билдирди. Анын айтымында, Нарын шаарында мечиттин жанындагы отургучта аял улгайган адамды башка-көзгө койгулап, уруп жаткан.
"Мен бул көрүнүшкө 24-сентябрда күбө болдум. Мечиттин жанындагы отургучта отурган улгайган аялды жанындагы аял киши жемелеп, башка-көзгө уруп жатты. Бир кезде чоң апа ордунан туруп басып кетерде колунан тартып отургузуп, кайра урду. Чоң апа уруп жаткан аялды тынчтандырып "Болдучу" деп жатканы угулду. Мен жеме угуп, токмок жеген улгайган аял уруп жаткан аялдын апасы деп ойлодум", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.