Казакстандык блоггер Айжан Байзакова кош бойлуулуктун жетинчи айында экенин айтты

Социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөгөн "чуулуу" сүрөт, видеолору менен белгилүү болгон казакстандык блоггер Айжан Байзакова кош бойлуу экенин жазып чыкты.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына ичи чыккан кыска видео жүктөп, билдирүү калтырган. Ал акыркы убакта эмне себептен коомдон алыстап кеткенин мындай деп түшүндүргөн.

"Менин акыркы убакта коомго көрүнбөй, алыстап кеткенимдин себеби - кош бойлуулуктун 7-айындамын. Албетте, элге көрүнбөй, алардан жашынып жүрүү кыйын болду. Мен кош бойлуу экенимди сыр кылгым келген. Бирок азыр элден качып үңкүрдө жашамак белем деген ойго келдим. Кош бойлуулук коркунучтуу эмес, бул жаңы жашоо, бакыт", - деген ал.

Ошондой эле Байзакова наристенин атасы ким экенин айтпай турганын билдирген.

Буга чейин Айжан Байзакова Бишкектеги түнкү клубдардын биринде кыздарга жылаңачтанып бийлөө боюнча сынак уюштуруп, сынактын жеңүүчүсүнө 200 доллар акча убадалаган. Анын бул ишин жергиликтүү тартип сакчылары текшерип чыгып, коомдук жайда этика нормаларын сактабагандыгын аныкташкан. Жыйынтыгында ал 3 суткага камакка алынган. Ал эми эс алуучу жай жабылган.

 

Айжан Байзакова кош бойлуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pandora
2018-09-25 12:25:28
Бул силиконду ким алды экен.Супер суротту тандагандан адашып жатасынар.
0
janat.official
2018-09-25 12:32:45
Инстаграмдагы суроторун корсонор видеолорун корсонор оозунар ачылат. Бул кызды казак элида жаман корот.
+3
tima01
2018-09-25 13:12:51
Басталу бол!
0
Romantik.
2018-09-25 13:40:40
Кудайдан коркпогон, Кудайдан жөө качкан Айжан Байзакова
+2
bond02
2018-09-25 13:46:42
Сен да Сайкалдай болуп жатасын, толуп кетип корунбой журдум дегендей.
-1
aza84
2018-09-25 15:20:19
Негизи укмуш кыз
-2
Sezim.A
2018-09-25 16:11:50
тообоо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан