Аскер прокуратурасы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун төргөөчүлөр шантаж кылып жатканы боюнча арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
"Арызды кароодон баш тартканы боюнча бизге 22-сентябрда белгилүү болду. Мага, Исаковдун өзүнө дагы эмне үчүн ишти кароодон баш тартканы боюнча толук маалымат, документ келе элек", - деди Токтакунов.
Аскер прокуратурасы азырынча бул боюнча маалымат бере элек.
Эске салсак, Сапар Исаков УКМКнын кызматкери өзүн адвокат Нурбек Токтакуновдун кызмат көрсөтүүсүнөн баш тартууну сунуштаганын, баш тартпаса кылмыш ишин козгой турганын билдирип, шантаж кылып жатканын айтып чыккан.
26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
29-августта Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.