Бүгүн, 29-августта Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Анын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Исаковду камакта кармоого негиз жок. "Сурактын, экспертизанын жыйынтыгында Исаковдун күнөөсү далилденген жок. Ал күнөөлүү деп эч ким айткан жок. ЖЭБ боюнча экспертизанын корутундусуна ылайык, баары туура болгон", - деди жактоочу.
Буга чейин 9-августта Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду эки айга, тагыраагы, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимин өзгөртүү максатында Жогорку Сотко кайрылган.
26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.