Депутат Мирлан Бакиров акыйкатчыны шайлоо жөнүндө: "Жогорку Кеңештин регламентинде эмне деп жазылса, парламент ошону менен иш алып барат"

Эртең парламент акыйкатчыны шайлайт. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн. Коомчулукта акыйкатчы ачык добуш берүү аркылуу шайланышы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жооп берди.

Ал Жогорку Кеңештин регламенти боюнча акыйкатчы жабык добуш берүү менен шайлана турганын айтты.

"Акыйкатчы кызматына 5 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын иш аракеттери, көз караштары, программалары бар. Парламент депутаттарынын дагы өздөрүнүн позициясы, фракциялык чечимдери бар. Ошого ылайык, жабык добуш берүү менен депутаттардын эркин добуш берүүсү сакталат. Жогорку Кеңештин регламентинде эмне деп жазылса, парламент ошону менен иш алып барат", - деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, акыйкатчы кызматына талапкерлер Канатбек Азиз, Рита Карасартова, Токон Мамытов, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан