Акыйкатчы кызматына талапкер Канатбек Азиз: "Акыйкатчыны шайлоо ачык өтсө, көпчүлүгү коркуп өзү каалаган талапкерге добуш бербейт"

Эртең парламент акыйкатчыны шайлайт. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн. Коомчулукта акыйкатчы ачык добуш берүү аркылуу шайланышы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?" деген соболуна акыйкатчы кызматына талапкер Канатбек Азиз жооп берди.

Ал белгилегендей, мыйзамдын негизинде акыйкатчыны шайлоо жашыруун өтүшү керек.

"Акыйкатчыны шайлоо ачык өтсө, көбү коркуп өзү каалаган талапкерге добуш бербейт. Мыйзам боюнча добуш берүү жашыруун, бюллетень менен өтүшү шарт. Шайлоо ачык өтүшү үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек болот. Бул демилгени сунуштап жаткандар акыйкатчыны шайлоодо депутаттар жоопкерчилигин моюнуна алышы керектигин максат кылышууда. Мыйзамда кандай жазылса, ошондой өтүүсү зарыл", - деди Канатбек Азиз.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, акыйкатчы кызматына талапкерлер Рита Карасартова, Токон Мамытов, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан