Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Юрий Краковецкий алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты

Бүгүн, 26-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун 7-мелдеш күнү старт алды. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Юрий Краковецкий татаминин үстүнө чыгып, алгачкы беттешинде жеңилип калды.

Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмак ченинде беттешип, 1/16 финалдын алкагында кубалык Энди Гранда менен кез келди. Беттештин соңуна 2 мүнөт 37 секунд калганда Энди Гранда Краковецкийге ыкма колдонуп, иппон менен жеңишти камсыздады.

Муну менен Энди Гранда жарым чейрек финалга аттанып, Краковецкий медалдар үчүн беттешин токтотту.

Айта кетсек, бүгүн дагы бир кыргыз дзюдочу Бекболот Токтогонов күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан