ЖЫЛНААМА, 26-СЕНТЯБРЬ: Мындан он жыл мурун Монголияда император Чыңгыз хандын атчан эстелиги тургузулган

Мындан 10 жыл мурун, 2008-жылы Монголияда биринчи император Чыңгыз ханга арналып тургузулган бийиктиги 40 метр келген эстеликтин ачылыш аземи болгон.

Дүйнөлүк тарыхта Чыңгыз хандын империясы эң ири болуп жазылган. Ага Жер планетасынын жалпы аянтынын 22 пайызы, 100 миллиондон ашуун киши баш ийип турган. Чыңгыз хан бийлеп турган XIII кылымда жер жүзүндө 300 миллиондой гана адам жашачу. Империя батышынан азыркы Польшадан чыгыштагы Кореяга чейин, түндүгүндө Сибирден тартып Вьетнамга чейин созулган. Албетте, мындай мейкиндиктин кожоюну – Чыңгыз хандын ысымы адамзатынын тарыхында алтын тамгалар менен калды.

Монголия туристтерди кызыктыруунун амалын дал ушул Чыңгыз ханга байланыштырат. Улан-Батордон унаада бир сааттык жол жүрүү менен Чыңгыз ханга арналган дүйнөдөгү эң чоң атчан статуяга жетүүгө болот. Уламышка ылайык, дал ушул эстелик жайгашкан жерден баатыр алтын камчы таап алган экен.

Чыңгыз ханга арналган дүйнөдөгү эң чоң атчан статуянын бийиктиги – 40 метр, төмөн жагында 10 метрлик негизи бар. 250 тоннадан турган эстелик эки кабаттан туруп, галерея, сувенир сатуучу дүкөндөр, музей жана ресторандар жайгашкан. Кууш коридор аркылуу дагы бир кабатка көтөрүлсө, Чыңгыз ханды жакындан, тагыраагы, маңдайынан көрүүгө болот.

26-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан