Элчилик: "Москвада кызды зордуктап, андан кийин аны тоногон" деп изделип жаткан Кыргыз жараны боюнча маалымат текшерилүүдө
Москвада кызды зордуктап, андан кийин аны тоноого шектелген Кыргыз жараны боюнча маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда орусиялык маалымат булактарына чыккан маалыматтын чын-төгүнү иликтенүүдө.
"Учурда бул маалымат боюнча элчиликтин кызматкерлери жана юристтери иш алып барууда. Бул маалымат текшерилүүдө", - деп билдиришти элчиликтен.
Эске салсак, 24-сентябрь күнү полицияга арыз менен соода борборлорунун биринин сатуучусу кайрылган. Анда ал жумуштан чыгып метро тарапка кетип баратканда аны узатуу сунушу менен ээрчиген адам аны зордуктап, телефонун жана зер буюмдарын тартып алып, изин жашырып кеткенин айткан. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери сыранын идиштерин, жабырлануучунун ич кийимин, Улуу Британиянын жазуучусу Уинстон Черчиллдин чыгармасы жазылган китепти жана кылмышка шектүүнүн капчыгын (ичинде 29 жаштагы Кыргыз жаранына таандык паспорт жана ага тиешелүү документтер болгон) табышкан.