Баласын тепкени интернетке жарыяланган ата Мамлекеттик каттоо кызматынан 1 миллион 300 миң сом талап кылууда

Жерде жаткан баласын тепкени интернетке жарыяланган Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку кызматкери өзү иштеп кеткен мекемени сотко берди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бариер Адиев жумуштан мыйзамсыз айдалганын айтып, мурдагы кызматына кайра кайтарып алууну, жумуштан айдалган күндөн берки айлык маянасын жана башка чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылып сотко кайрылган. Жалпы талап кылган каражаттын суммасы 1 миллион 356 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында эркек киши кичинекей баланы тээп жаткан видео социалдык тармакта жарыяланган. Ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганын Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алып, жубайы сотко "эч кандай доом жок" деп тосмо арыз жазып бергендиктен, Бариер Адиевге козголгон кылмыш иши токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bars88
2018-09-27 17:09:04
Уурусу куч болсо ээсин доого жыгатго.Элдер унутуп калды эми тынч жашайын дегендин ордуна
+7
bond02
2018-09-27 17:31:41
Канча айлык алат элен озу?!
+3
Baatirbek81
2018-09-27 17:48:22
Кулкуну куурагырдын напсиси чоң экенго
+2
Bayazet
2018-09-27 17:57:45
10 айда миллион тапса оо
+5
shergazy9
2018-09-27 18:04:28
Айлыгы министирго
+5
Aikaaaa
2018-09-27 19:59:35
Ошол үчүн эки аял менен жашап жүргөн да, блатной болуп
+3
asman.81
2018-09-27 23:44:37
Чон муштум,тепкилегич да эмес,парокор да окшойт,мамлекттик кызматкер,бир жылга жетпей миллион сом айлык ала албайт .
+5
Rifle_I
2018-09-28 08:36:56
Ошондо айлыгы 130000 сом алабы ?
0
Pandora
2018-09-28 17:28:12
Просто сур бет!!!
0
Alixan-Nookat.2015
2018-09-28 18:02:25
Кайра камап салгыла, өзү кичинекей балдарга кордук көрсөткөндөрдү кечирбеш керек ошондо аялынын арызын кайтарып бербей коюш керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан