Баткенден Бишкекке жөө аттанган ата: "Күнөөлүү болбосок да, көңүл айтуу үчүн каза болгон адамдын жакындарына бардык"

"Уулум ак жеринен кылмышка шектелип, абакта жатат. Акыйкат үчүн Баткенден Бишкекке жөө жөнөдүм" деген Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Сайтраим Абдилатов учурда өз үйүнө кайткан. Ал SUPER.KG порталына азыркы учурда эмне менен алектенип жатканын билдирди.

"Бишкекке бара жаткан жеримден туугандарым артка кайтарышты. Балам кырсыктын күнөөкөрү болбосо да, каза болгон жарандын туугандарына, балдарына, 80ге таяп калган апасына көңүл айтып, куран окутуу үчүн бардык. Алар Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында турушат экен. Биз барсак маркумдун бир туугандары чогулуп калышыптыр. Келгенибиздин себебин айтып, күнөөлүү эмес экенибизди түшүндүргөнгө аракет кылдык. Бирок майнап чыккан жок. Сөзүбүзгө кулак салышкан жок. Таза болсоңор соттон акталып чыккыла дешти. Аларды деле түшүнүп турабыз. 80ге таяп калган апа үчүн уулун жоготуу оңой эмес да. Айла жок үйгө кайтып кеттик. Биздин айылдын аксакалдары менен чогуу дагы бир жолу баралы деген ниетибиз бар. Кечээ эл өкүлү Жанар Акаев телефон чалып, сүйлөштүк. Ал дагы "ак болсоңор да алдынан өтүп койгонуңар туура" деп бул пикирибизди колдоду. Мындан тышкары бул иштин дыкат каралышы керектигин Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгам деп убада берди.

Эл Ички иштер министрлигинин билдирүүсүн туура эмес түшүнүп алып, күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сураганы барыптыр деп жатышат. Чындыгында андай эмес.

1-октябрда сот баламдын баш коргоо чарасын карайт. Баламды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн жибердим. Уулум абакта калтырылса кайрадан жолго чыгууга аргасыз болом. Балам акталып чыкмайынча ач калсам да кайыл болуп, колумдан келген иштин баарын жасайм.

Учурдан пайдаланып ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып кетким келет. Урматтуу министр, уулумдун кырсыкка эч кандай тиешеси жок. Ак жерден кылмышка шектелип, абакта отурат. 3-4 мүнөт убактыңызды бөлүп, мени кабыл алып, арыз-муңумду угуп коюуңузду суранар элем", - деди Сайтраим Абдилатов.

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Сайтраим Абдилатов үйүнө кайтканын билдирген.

"Күнөөсү жок уулумду камап коюшту" деген ата Баткенден Бишкекке жөө кетип жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Matahara1980
2018-09-27 20:45:12
Азыркылар куноосу болсо да моюндарына албайт го, жандарын жешип танат, жон эле камалбаса керек баласы
-1
Mikra
2018-09-27 21:25:34
Ким эле болсо камалайын десин.куноосу бар болгон учун отуратда абакта.видеолору бар дешип ататго.доказательстосу менен.кече 7 каналдан тергочу айттыго корсотуптурго.эмне эле ата кыйналып жатат.камри алып бербей танга маал кочого койбербей отурганынызда мындай иш болбойт эле.кошуналарыда айтып жатат экенго бейбаш бала болчу деп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан