Мамкаттоо: "Баласын тепкен атанын Мамлекеттик каттоодон акча талап кылганы негизсиз"

Баласын тепкени интернетке жарыяланган адамдын Мамлекеттик каттоо кызматынан акча талап кылгандыгы негизсиз экенин аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 27-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку кызматкери өзү иштеп кеткен мекемени сотко бергендиги тууралуу маалым болгон.

Баласын ичке тепкени интернетке жарыяланган Бариер Адиев жумуштан мыйзамсыз алынганын айтып алгач Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз жазган. Бирок арызы каралган эмес. Эми ал Бишкек шаардык сотуна кайрылып жатат.

умуштан бошотулган Бариер Адиев 1 миллион 356 миң сом доо талап кылууда. Анын 1 миллион сому моралдык компенсация, 302 миң сом айлык акы, калганы башка чыгымдар. Мындан сырткары ал Мамлекеттик каттоо кызматынын банктагы эсебин камакка алууну да суранып жатат. Адиевдин доо коюшу негизсиз, ал мыйзамга ылайык жумуштан бошотулган", - деп билдирди маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында эркек киши кичинекей баланы тээп жаткан видео социалдык тармакта жарыяланган. Ошол эле күнү баланы тепкен адамдын кармалганын Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алып, жубайы сотко "эч кандай доом жок" деп тосмо арыз жазып бергендиктен, Бариер Адиевге козголгон кылмыш иши токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Janyjol.86
2018-09-28 20:53:12
Чакалайдын Чак тушундо баласын кочодо фудбол ойногонсуп тепкенден уйалбаган Адам окмотту сотко бергенден кантип уйалсын .бети Бет эмей эле менин к....о окошко экен бул чукчанын
+2
Nursbaike
2018-09-29 09:49:35
Коомчулуктун конулун башка жака буруу булардын максаты коррупцияны унуттуруп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан