"Москвада кыргыздар баш көтөрүп жүрсө экен деп Кыргыз жигитинин өрттөн кемпирди куткарып калганын кабарладым" дейт "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү

Соңку айларда Кыргыз мигранттарынын басымдуу бөлүгү жүргөн Москва шаарында Кыргыз жарандары катышкан бир катар кырсыктар орун алды. Мындан улам анда эмгектенген мекендештер өз ара бири-бирин тартипке чакырып, мындай жоруктар Кыргызды уяткарып жатканын айтышууда.

Чыңгыз Анарбек уулуУшул жылдын 16-июнь күнү Москвада футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатканда шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болуп, таксинин айдоочусу Чыңгыз Анарбек уулу аттуу Кыргыз жараны экени аныкталган. Анарбек уулунун башына түшкөн мүшкүлдөн кийин активдүү Кыргыз жарандары ага моралдык жактан колдоо көрсөтүшкөн.

Көп өтпөй мындай көрүнүш аталган шаарда кайрадан Бекжан.С.кайталанды. Анда 20 жаштагы Бекжан аттуу кыргыз жигити 10 чакты мекендешин унаасы менен сүзүп, алардын бири каза болуп, 5 адам жабыркаган.

Чет элде жүрүп кылмыш жасагандарды азайтуу, Кыргызды башка элге маданияты төмөн эл катары таанытпоо максатында Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңеши мигранттар менен биргеликте чогулуш өткөрүп, мекендештерди мыйзамды сактап, жагымсыз жагдайларды жаратуудан алыс болууга чакырган.

Медина ЖапароваМындай оюн өзүнүн аракети аркылуу көрсөткөндөрдүн бири - Москвада эмгектенип жүргөн кыргыз кызы Медина Жапарова. Ал "Кыргыз мигранттары Москвада бир катар туура эмес иштери менен таанылып калды, мыкты иштерди да аткара алганын далилдөө керек" деген максатта сайттын "Элдик кабар" рубрикасына кабар жөнөткөн. "Москвада кыргыз жигити улгайган аялды өрттөн куткарып калды" деп жарыяланган маалымат порталда окурмандар эң көп окуган кабар болду. Медина Жапаровадан башка дагы бир катар окурмандар "Элдик кабарга" бул сыймыктуу кабарды билдиришкен. Редакция биринчилерден болуп жөнөткөн окурманды тандап алды жана Кыргыздын сыймыктуу көрүнүштөрүнө кайдыгер карабаган бардык колдонуучуларга ыраазычылык билдирет.

Анда 4-сентябрда Москва шаарындагы "Тверская" метросундагы көп кабаттуу үйдөгү батирдин биринен өрт чыкканы маалымдалган.

"Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин батирдин ичинде Азамат Мамажакыповкалган адам күйүп кетиши мүмкүн эле. Бирок мекендешибиз Азамат Мамажакыпов эрдик кылып батирге кирип, улгайган аялды алып чыкты", - деген окурман.

Андан кийин бул маалыматты "Элдик кабарга" башка да окурмандар билдирген. Нурмат Топчубай уулу аттуу жигит да батирдеги өрттү өчүрүүгө жардамдашканын, Азаматтын Орус жаранын өрттөн куткарып чыкканына күбө болгонун белгилеген.

Медина, саламатсызбы? Бул кабарды сиз кантип жөнөтүп калдыңыз?

- Саламатчылык. Күйүп жаткан батирге кирип, андагы кемпирди куткарып чыккан Азамат Мамажакыпов менин агам болот. Адегенде анын өрт өчүрүүгө катышканын угуп, кабар жөнөттүм. Ошол күнү үйгө демейдегиден кеч келди, үстү башынын баары ыш болуптур, абдан чарчаңкы. Анан болгон окуяны айтып берди. Чынында өмүрүн тобокелге салып, башка адамды ажал оозунан алып чыгыптыр. Ошондо мен биздин мекендешибиздин мындай эрдигин жергиликтүүлөр билиши керек деген ойдо "Элдик кабарга" маалыматты толуктап жөнөттүм. Анын үстүнө акыркы айларда Кыргыз жарандары катышкан кырсыктар көбөйүп, жакшы эмес пикирлердин жаралышына себеп болгон. Ошондой учурда мындай азаматтардын бар экендиги, албетте, сыймыктуу көрүнүштөрдүн бири болмок.

Куткарылган кемпирдин жакындары сиздерге байланышка чыккан жокпу?

- Ошол күндөн көп өтпөй эле агам Кыргыз жерине кетти. Ал жакка барып дарыгерге көрүнсө бир аз ууланганын айтышыптыр, учурда дарыланып чыкты. Куткарылган кемпир тараптан эч ким байланышкан жок, биз деле күткөн жокпуз. Негизгиси, ошол чоң эне көп жашаса болду.

Өзүңүз Москвада канча убакыттан бери эмгектенесиз, сизди кейиткен, кубанткан көрүнүштөр?

- Москвага ушул жылдын январь айында келгем. Дүкөндөрдүн биринде мерчендайзер болуп иштейм. Мени кубантканы иштейм деген адамга бул шаарда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Орун алган бир нече мыйзам бузууларга карабай, жергиликтүүлөрдүн мамилеси жакшы, бирок намыстуу калк экенбиз, бири-бирибизди тарбиялап, жаман нерселерден тыйып жатабыз.

"Сен өзүңдүн мекенинде болсоң, сенин жүрүм турумуң үй-бүлөңдүн абалынан кабар берет, ал эми чет өлкөдөгү жүрүм-турумуң сенин мекениңден кабар берет" деген кеп бар. Мындан улам туура эмес жоруктарды жасап жүргөн мекендештерди маданияттуу болууга, бөтөн элдин мыйзамдарын сыйлоого чакырам.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).

2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.

2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июнь айы - Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июль айы - Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, август айы - Кызымды бала бакчада тайпалашы 15 жеринен тиштеп салыптыр деген маалыматты жөнөткөн окурман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан