"Кыргыз Темир жолу" ишканасы эл аралык каттамда билети жок жүргүнчүлөрдү ташыганы боюнча фактылар аныкталды. Бул тууралуу президенттик аппараттан 4-октябрда кабарлашты. Маалым болгондой, учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенип жатат.
Мындан тышкары ушул сыяктуу фактылар боюнча Жазык кодексинин 173-беренесинин 1-бөлүгүндө, 221-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча Транспорт прокуратурасы тарабынан 5-сентябрда кылмыш иши козголгон.
Мындан аркы иликтөөнү уюштуруу ошондой эле Каржы полициясынын бөлүкчөлөрүнө да тапшырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштерин натыйжалуу жана ыкчам иликтөө максатында ыкчам-тергөө топтору түзүлдү.
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан бардык күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилет, ошондой эле кыска мөөнөттө материалдарын соттун кароосуна өткөрүү үчүн чаралар көрүлөт.
Буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева ишкана Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарын эл аралык каттамга билети жок ташып жатканын айтып чыккан. Андан кийин ишкана жетекчилиги тарабынан каршы аракеттер башталганын белгилеп, президентке кайрылган.