Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин келе жаткан Азия Кубогу, улуттук курам, машыгуулар жана башка суроолор боюнча жооп берди.
Александр Крестинин алгач Азия Кубогу тууралуу ою менен бөлүшүп кетти.
- Бул мелдеште алсыз командалар жок, бардык командалар мыкты даярдыкта болушат. Азия Кубогу тез өтүүчү мелдеш, бул мелдешке умтулуубуз жогорку деңгээлде. Мелдештин жүрүшүндө бардыгы болушу ыктымал, беттештер кандай өтө турганын эч ким билбейт.
- Азия Кубогунда ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүктөр барбы?
- Мүмкүнчүлүктөр дайыма бар, бардыгы жакшы болот деп ойлойм. Бул мелдеште атаандаштарыбыз бизди баалабай коюшу ыктымал. Бул биз үчүн, тескерисинче, пайдалуу болот. Кандай болсо дагы биз эч нерсе жоготпойбуз. Бир четинен биз үчүн мындай жоопкерчилик менен ойноо абдан ыңгайсыз болот. Бирок биз ушундай мелдештерде ойноо үчүн машыгып келебиз да. Бул абдан жакшы мелдеш.
- Сиз жакында эле Бириккен Араб Эмираттарында болдуңуз. Ал жактагы стадиондор жана спорттук базалар тууралуу айтып берсеңиз.
- Ал жактагы аба ырайын эсепке албаганда бардыгы сонун экен. Жашыл майсаңдары абдан сонун. Стадиондор жөнүндө айтсам, бизде андайлар жок. Ал жакта бардыгы жакшы. Мамлекеттин экономикалык деңгээли жогору. Ал жакта биз үчүн эч кандай маселелер болбойт деп ойлойм.
- БАЭде курама команда канча убакытка чейин болот?
- Биз 3-январдан 12-январга чейин, 9 күн Эль-Айн шаарында болобуз. 12-январда Дубайга барабыз. Андан соң дагы бир башка шаарга барабыз деп үмүттөнөм. Буга чейин курама команданын мынча узакка созулган чет жакка чыгуусу боло элек. Биз алгачкы жолу мындай деңгээлдеги мелдешке катышып жатабыз.
- Окуу-машыгуулар качан башталат?
- Окуу-машыгуу жыйындары 8-декарбда башталат. Бул түздөн-түз Азия Кубогуна даярдануу максатында болот. Ага чейин дагы машыгуулар орун алмакчы. Биз 8-октябрда Малайзияга барып, жергиликтүү курамга каршы ойнойбуз. 20-ноябрда Японияда Япония курама командасы менен беттешебиз. Ошондой эле декабрь айында Катарда жыйындарыбыз бар. 20-25-декабрда дагы беттештерди өткөрөбүз деген пландар бар.
- Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүндө туулган футболчу Ильзат Ахметов Москванын ЦСКА футболдук клубунда ойноп келет. Ал курамга чакырылбайбы?
- Мен Москва шаарында жүргөндө Казань шаарына Ильзат Ахметов менен сүйлөшүүгө барууну көздөгөм. Бирок ага чалганымда ал дагы, анын атасы дагы телефонго жооп берген жок. Алар өзүнүн жообун бизге билдирген. Ар бир адам өз жолун тандайт. Ал Орусияда карьерасын жүргүзүп жатат. Бул анын чечими, биз аны урматташыбыз керек.
- Биздин курама командада чабуулчулар менен көйгөйлөр болуп келген. Азия Кубогунун алдында Виталий Люкс Кыргыз курамасында ойноодон баш тартып жатат деген сөздөр да болуп жатат. Бул чынбы жана бул маселе кантип чечилип жатат?
- Бизде чабуулчулар менен көйгөй бар, бирок Виталий Люкс эч качан ойногондон баш тарткан эмес. Виталий Люкс Малайзия менен ойногонго машыгууларга катышат. Бизде азыр чабуулчулар менен эмес, коргоочулар менен көйгөйлөр пайда болууда. Алдыда жакшы ойногонго футболчулар көп, бирок коргонууда бизде маселелер бар.
- Азыр Индияда кыргыз футболчусу Бектур Талгат уулу ойноп келет, эмне себептен ал курамга чакырылбай жатат?
- Биринчиден, ал качан акыркы жолу оюнга чыкканын билесиңерби? Акыркы оюнун ал май айында өткөргөн. Биз аны кантип курамга чакырмак элек. Экинчиден, ал курамдагы оюнчулардан эч кандай айырмасы жок. Ал өзүн мыкты экенин көрсөтүп, башка оюнчулардан артыкчылыгын көрсөтсө, биз аны чакырабыз. Анын оюндарын карап, көрүп жүрөбүз, ал курамага талапкер катары каралып келет.
- Азия Кубогуна катыша турган Кыргыз командасынын курамы качан белгилүү болот?
- 26-декабрда белгилүү болот. Бул курамды жарыялоого акыркы күн болот. Азырынча ким курамда боло турганын мен билбейм.
- Валерий Кичин кайрадан курамга кошулушу мүмкүнбү?
- Кошулушу мүмкүн. Азырынча эч кандай чечимдер жок. Декабрь айына чейин дагы убакыт бар.
- Азамат Байматов жаракат алып, курамдын коргоо бөлүгүндө көйгөйлөр болууда. Бул меселени кантип чечип жатасыңар?
- Азамат Байматов мыкты футболчу, кураманын капитаны жана лидери. Бирок аны менен деле кээде коргоо бөлүгүндөгү оюн начар жүрүп келген. Мен буга чейин айткам. Азырынча бул маселени чечүүгө аракет жасап жатабыз. Акыркы оюндарды жакшы эле өткөрдүк го?
- Акыркы эки жолдоштук беттеште сиз жаш оюнчуларга ойногонго мүмкүнчүлүк берип жаттыңыз. Мындан кийинки оюндарда дагы жаш оюнчуларды күтсөк болобу?
- Курамга кошулууга татыктууларды биз оюндарга чакырабыз. Жаш оюнчулар мыкты оюн көрсөтсө эмне үчүн жок демек элек. Алар улуулар менен бирдей эле ойношу мүмкүн. Биз келечекти ойлонушубуз керек. Азия Кубогу менен бардыгы бүтүп калбайт. Алдыда Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу раунддары дагы бар. Азыр жаштар улуулардан калышпайт. Эрнист Батырканов Сирияга каршы оюнда Мирлан Мурзаев менен Люкстан кем калган жок.
- Мирлан Мурзаев Түркиянын 4-лигасында ойноп келет, сиз буга канааттанасызбы?
- Жок, мен муну менен канааттанбайм. Бирок бул анын чечими. Мен аны Жогорку же Биринчи Лигада ойногонун кааламакмын. Ага башка өлкөлөрдүн Жогорку лигаларынан сунуштар түшкөн, бирок ал Түркиядан кеткен жок. Мен ага буйрук бере албайм.
- Учурда Антон Землянухин менен Виктор Майердин абалы кандай?
- Антон Землянухин азырынча жаракатынан айыга элек. Землянухин менен Мурзаев алдыдагы машыгууларга чакырылбайт. Ал эми Майердин абалы жакшы болуп калды. Аны Японияда өтө турган жыйындарга чакырабыз деген үмүттөмүн.
- Сиз улуттук курамга келгенден кийин курамга Бернхардт, Майер жана Люкс аттуу футболчулар кошулду. Дагы чет өлкөдө ойногон футболчулар кошулабы?
- Ооба, азыр биз карап жаткан футболчулар бар. Ошол эле "Дордойдо" ойноп жүргөн Александр Мищенко бар. Бирок биз ага азыр паспорт жасап бере албай жатабыз. Себептерин өзүм дагы түшүнбөй жатам. АКШда 1999-жылкы бала бар. Биз аны бир жыл мурун чакырганбыз, бирок ал өзүн мыкты көрсөтө алган жок.
- Орусияда Антон Коченков деген оюнчу бар, аны менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү беле?
- Ооба, биз Коченков менен сүйлөшүп, Азия Кубогуна жакын дагы сүйлөшөбүз деп макулдашканбыз. Коченковдун маселеси Ильзат Ахметовдукундай эле, анын жарандыгы да Орусияныкы.
- Антон Коченков макул болсо, Азия Кубогуна барышы мүмкүнбү?
- Албетте мүмкүн. Мен азыр мыкты футболчуларды тандаган абалда эмесмин. Коченков Орусиянын Жогорку Лигасында ойнойт.
- Сиздин футбол федерациясы менен келишимиңиз канча убакытка чейин каралган? Башка өлкөлөрдөн дагы чакыруулар болду беле?
- Федерация менен келишимибиздин аягына чейин дагы 3-4 жыл бар, азыр так айта албайм. Кышында жана жайында башка өлкөлөрдөн жана клубдардан жакшы сунуштар түшкөн. Бирок менин Кыргыз курама командасы менен ишим аягына чыга элек.
- Азия Кубогунда Кыргыз курамасына кандай милдеттерди коюп жатасыз?
- Алгач биз тайпалык баскычтан өтүшбүз керек. Биз мындай деңгээлдеги мелдеште биринчи жолу катышып жатабыз. Эмне болуп кете турганын билбейбиз. Тайпадан чыгалы анан көрөбүз. Бул мелдеш Кыргыз өлкөсүнүн футбол тармагынын жогорулашына чоң түрткү болот.
- Футбол федерациясы жаракат алган Азамат Байматов, Мирлан Мурзаев жана Землянухинге жардам берип жатабы?
- Ооба, биз футболчуларды унутта калтырбайбыз. Мирлан Мурзаевдин дарылануусун биз төлөп жатабыз. Байматовдукун клубу төлөп жатат. Байматовдун дарылануусун клубу төлөп бербесе, биз өзүбүз камсыздамакпыз. Футболчуларды биз таштабайбыз.
- Азамат Байматов жаракат алгандан кийин анын ордуна капитан ким болот?
- Азырынча бул боюнча чечим чыга элек. Официалдуу мелдештерге капитанды футболчулар тандайт. Алар жабык түрдө шайлоо өткөрүшөт. Азырынча жолдоштук беттештерге капитанды биз шайлайбыз.
- Азия Кубогунун тайпалык баскычынан чыкканга акчалай сыйлыктар каралганбы?
- Бизде ар бир этаптан өткөн сайын акчалай сыйлыктар каралган. Биз тандап алуу раундунан өткөндө да бизге акчалай сыйлык берилген.
- Азия Кубогунда жеңишке жетсеңиздер так жазылган акчалай сыйлыгы каралганбы?
- Ооба, бардык жагдайлар каралат. Бардыгы болуп кетиши мүмкүн да. Азия Кубогунун жеңүүчүсү АФКдан 5 миллион сыйлык алат.