Бүгүн футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Мьянма менен Түштүк Кореяда беттешет

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы бүгүн, 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында Мьянма курамасы менен беттешет. Ал 2019-жылы орун ала турган Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өтөт. Оюн Бишкек убактысы менен саат 12:00дө башталат. Эки команда буга чейин 2 ирет кез келип, 2014-жылы Кыргыз курамасы Владимир Верёвкин киргизген гол менен 1:0 эсебинде жеңишке жетсе, 2017-жылы 10-октябрда 2:2 эсебинде тең чыккан.

Мындан сырткары, эртеңки Мьянма курамасы жана 27-мартта Индия курамасы менен кез келчү оюндарга катыша турган 23 Кыргыз футболчунун ысымы белгилүү болду. Алар:

Дарбазачылар: Павел Матяш (“Алмалык”, Өзбекстан), Валерий Кашуба (“Дордой”), Калыс Акималиев (“Абдыш-Ата”).

Коргоочулар: Азамат Байматов (“Борнео”, Индонезия), Курсанбек Шератов, Тамирлан Козубаев, Бахтияр Дүйшөбеков, Аскарбек Салиев, Авазбек Откеев, Дэниэл Тэго (баары – “Дордой”), Аманбек Маныбеков (“Абдыш-Ата”).

Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Муролим Ахмедов, Кайрат Жыргалбек уулу (баары – “Дордой”), Фархат Мусабеков (ФЦ), Антон Землянухин (“Атырау”, Казакстан), Эдгар Бернхардт (“Тычи”, Польша).

Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев (“Серик Беледиеспор”, Турция), Виталий Люкс (“Унтерхахинг”, Германия), Бекжан Сагынбаев, Кадырбек Шаарбеков (“Дордой”).

Эске салсак, окуу-машыгуу жыйынына 27 футболчу чакырылган. Алардан Германиянын “Виденбрюк” клубунун оюнчусу Виктор Майер жаракатынан улам келбей калды. Ал эми Ильяз Алимов, Одилжон Абдурахманов (“Алай”), Сүйүнбек Мамыралиев жана Азим Азаров ("Дордой”) машыгуулардан өтпөй калган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kulatov
2018-03-21 19:50:37
Алай футбол командасынан да жакшы ойногон оюнчулардан кошсоңор болмок
0
Isco23
2018-03-21 20:17:11
Kulatov,Алайды тундуктуктор жаман корот да.
-3
Kulatov
2018-03-21 21:23:56
Isco23,түндүк түштүк болүнбөй чогуу ойносок мүнкүн футболдон алдыга чыгат элек
+6
Isco23
2018-03-22 08:04:16
Kulatov,ошо мен айттам. Алай командасынан КРнын составына алса жакшы болот деп атасын го ошого Алайды жаман коргон учун алышпайт да. Баягвле дордой абдыш ата кант пант
-1
Arsenal93.
2018-03-22 12:11:28
Isco23,алайдын кобу легионерлер болсо кайдан чакырат улуттук курамга.тууган
-1
madrid7000
2018-03-21 21:59:58
ХХХХХХ гарантия!
-7
TalaCSKA
2018-03-21 22:50:19
madrid7000,Кыргызстан 100℅ гарантия утат !!!мелдешсен мелдешем
+2
Bek_L
2018-03-22 10:09:45
TalaCSKA, эмнеден мелдешели? Аттин! 100% утулат...
-1
TalaCSKA
2018-03-22 14:06:33
Bek_L, надеюсь ойунду кордун.эми Кыргызстан Индия ойунуна мелдешелиби ?
0
make2
2018-03-22 11:04:27
Алайдан Алиа силаны чакырабы? Чакырган жок демек жарабайт.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан