Кытай журналисти: "Дарбазачынын катачылыгы оюндун тагдырын чечип койду"

Дарбазачынын катачылыгы оюндун тагдырын чечип койду. Бул тууралуу кытай журналисти Юань Би Кыргыз-Кытай беттешинен кийин кыргыз журналисттерине билдирди.

Анын айтымында, кытай футболчулары бул оюнда чарчап тургандай көрүнгөнүн айтты.

"Менин оюмча, беттеш жогорку деңгээлде өткөн жок. Кытай курамасынын машыктыруучусу Марчелло Липпи беттешти 3 коргоочу, 4 жарым коргоочу жана 3 чабуулчу менен баштап, оюн учурунда футболчулардын бул жайгашуусун бир нече жолу алмаштырды. Кытай курама командасы мелдеш башталганга чейин машыгууларды өткөрүп, бул беттеште чарчап калды деген ойдо калтырды. Ошондой эле Кыргыз курамасы жакшы ойноду деп айтпайм, тескерисинче, Кытай курамасы жаман ойноду деп ойлойм.

Негизи беттештин тагдырын 2 эле учур чечип койду. Анын бири - Кыргыз дарбазачысынын катачылыгы. Бул учур Кытай курамасына түрткү берип, курама жеңишке умтула баштады. Ал эми экинчи учур - бул Марчелло Липпинин алмаштыруусу. Мен бул беттештин эсеби 1:1 болууга татыктуу болчу деп ойлойм", - деди кытай журналисти.

Белгилүү болгондой, 7-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Азия Кубогунун алкагында Кыргыз курама командасы Кытайга каршы беттеш өткөргөн. Беттештин 42-мүнөтүндө Ахлидин Исраилов эсеп санын ачып, 2-таймда дарбазачы Павел Матяш 2 жолу катачылык кетирип, Кыргыз курама командасы 1:2 эсебинде жеңилип калган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azat.97
2019-01-08 14:38:23
Ааай Матяш
0
Dembele84
2019-01-08 14:42:28
Детский ошибка кетирди,дагы кытайлар андай эле дарбаза катуу чабуул жасай албады.А то тешилип эле жатып калмак)))
+3
TalaCSKA
2019-01-08 14:51:57
Футболдо воротада дырка турса защитниктер да мандраж болуп не уверена ойношот ошону учун жоготуш керек Матяшты !!! Виталий Люксты да сборныйга жолотпош керек один на один чыгып киргизе албайт же удары жок же дриблинг скорость деги эле не до футболист
+4
Modric10
2019-01-08 15:33:41
Матяш башка эле иш кылчы.
+3
monster_high_98
2019-01-08 16:43:22
Олдунор го баарынар Матяшты жамандап!!Али бери Кытайды жениш онойго турбайт))
Даагы жакшы 2-1эле болду, кубангыла! Кыргызстан 0 болуп туруп 5-6гол откоруп салган жок!!
Менимче Матяш деле атайын кылган жок,коросунор али коп голдордон сактайт!!
-4
maratbek88.88
2019-01-09 03:02:59
monster_high_98,сен футболду көрдүңбү айлык алып Кыргызстан атынан барып ойун көрсөтүп атат көчөдөгү балдар менен чогулуп футболдогу мындай боло бербейтко
+1
Muratmipa
2019-01-08 16:50:36
Эээ кудайга шугур эле кылгыла топ тогол болот биздикилер аябай жакшы ойношту
-3
Leilek91
2019-01-08 16:50:37
Маташтин ордуна башка дарбазачы жокбу
+3
Ulan2601
2019-01-08 18:14:41
Матяшь ХХХХХ
-3
kebia.joroev
2019-01-09 04:55:01
Умтулгула жакшы молодцы
-1
kanat_myrza
2019-01-10 10:14:34
биздин дарбазачы ит эле болду... кыжырым келет эстеген сайын... эмкисинде эң жакшы оюн коргозот деген үммүттөбүз... Кыргызстан курамасы эң мыкты оюн көргөзүштү азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан