Кыргыз өлкөсү Казакстандан алынып келүүчү тоок этине чектөө киргизди. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тоок этин импорттоого чектөө киргизүүгө "Алматы облусундагы канаттуулар фабрикасында куш тумоосу жайыла баштады" деген шек саноолор себеп болгон. Жогорудагы маалыматтар текшерилгенден кийин чектөө алынары айтылды.
Импорттоого тыюу салынган азыктардын тизмеси:
- үй жаныбарлары үчүн тоок этинен жасалган тоюттар, кошулмалар;
- тоок этин бөлүктөргө бөлгөн жана аларды сактоо үчүн колдонулган эски жабдыктар;
- тирүү канаттуулар, инкубация жолу менен алынган жумурткалар;
- тоок эти, меланж, альбумин, жумуртка порошогу;
- мамык, куштун канаттары.