ЭЛДИК КАБАР: "Ноокен райондук билим берүү башкармалыгы мугалимдерди, окуучуларды театрга билет алууга мажбурлап жатат" дейт окурман

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда мугалимдерди, окуучуларды мажбурлап театрга билет алдырышууда. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга "WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Ноокен районундагы мектептерде иштеген мугалимдерге Жалал-Абад облустук Барпы театрынын спектаклине мажбурлап билет алдырып жатышат. Ар бир билет 100 сомдон. Бул аз айлык акы алып иштеген мугалимдердин арасында нааразычылык жаратууда. Ал гана эмес, "Биздин мектеп" деген кинону көрүү үчүн окуучуларга 60 сомдон билет алдырышты. Эң кызык жери, кино бир мектепке 1 эле саат коюлду. 5-6-класстын окуучулары гана кирип, калган класстардын окуучулары акча төлөп билет алышканы менен, кино көрө алышкан жок. Анткени 1 эле саатта коюп "биздин убактыбыз жок" деп кетип калышкан. Булардын бардыгы Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругу менен болуп жатканын айтып жатышат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mamashovich88
2018-10-09 21:03:43
Жалган эле маалымат болсо керек. Байма-бай ушундай боло бермек беле. Мажбурласа деле акчам жок деп жүрө бербейби.
Элдерге таң калам. Аз нерсеге акча жок дейт дагы балдарына кымбат баалуу телефондорду алып беришет.
Баарына акыл, ыйман, ынсап берсин.
-9
take1984
2018-10-09 21:14:29
Баары тура эле
Кино койгондор,китеп билет саткандар жетекчи менен суйлошуп %доля берет бул бизнес канча жылдан бери ушундай
+8
Jakjakynas
2018-10-09 21:46:24
Айта берсе арман коп.бул калп эмес чындык . бардык мектепте ушундай. Мугалим, окуучуларга сатпаса аны ким алмак. Ошол жуз сомду коп акча дейт муг. Мамашович88 сага жуз сом акча эмеспи. Акчанын баркы бир сомун жокто билинет. Мугалим кымбат телефон алып бербесе кк баласына. Мындайча айтканда мугалимдерге коп нерсе жуктолот билеттен башка да.
+8
Frunze2
2018-10-09 23:02:57
Сокенин озуно окшогон кадрлары тойгузду да... Эмне кылса болот буларды?!!
+2
Nurais
2018-10-10 01:05:13
Биздин студенттерге деле алдыртты аласыңар көрөсүңөр деп айла жок алышты 100 сомдон.
+2
Lui
2018-10-10 14:48:49
Бир чети барып, көрүп койсо деле ашыкча болбойт го дейм. Чынында 100 сом эмес кунумдук болбогон нерселерге деле короп жатат да андан көп акча. Ар бир адам эле атайын убактысын коротуп театрга бара бербейт..маданияттын бир тармагын коруп коюу ашыкча болбос. Тарбия-максаты жок кинололрго деле 200-300 сом коротуп кирип жатабыз го?!
А, койбой кетип калганы тууралуу, албетте жоопкерчиликсиз мамиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан