Казакстан Кыргыз өлкөсү тоок этин алып кирүүгө чектөө киргизгенин "мыйзамсыз" дейт. Буга Ветеринардык инспекция жооп кайтарды

"Кыргыз өлкөсүнө Казакстандан тоок этин ташууга чектөө киргизилгени мыйзамсыз" деген билдирүүнү Казакстандын Айыл чарба министрлиги таратты.

Маалыматка ылайык, Алматы облусунда акыркы 10 жылдын ичинде канаттуулардын эч кандай оорусу катталган эмес. Ал эми Ньюкасл ылаңы Айыртау облусунда катталып, карантин жарыяланган. Бирок карантин 2018-жылдын 19-сентябрында аяктаган.

"Буга байланыштуу Кыргыз тараптын Казакстандан импорттолуучу тоок этине чектөө киргизгени мыйзамсыз. Бул тууралуу атайын кат Кыргыз өлкөсүнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясына жиберилди", - деп жазылат маалыматта.

Буга байланыштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясына байланышканыбызда мекеменин маалымат катчысы төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биздин инспекцияга "Алматы облусундагы канаттуулар фабрикасында куш тумоосу жайыла баштады" деген маалымат келип түшкөн. Аталган маалыматтын чын, төгүнүн билүү үчүн Казак тарапка кат жолдогонбуз. Бирок алардан эч кандай жооп келбегендиктен коопсуздук эрежелерине ылайык чектөө киргизилген. Кийин Казак тараптан чектөө мыйзамсыз экендиги тууралуу кат келди. Биз алардан эч кандай куш тумоосу катталбаганын далилдеп берүүсүн талап кылып кайрадан катка жооп бердик", - деп билдирди маалымат кызматы.

Кыргыз өлкөсү Казакстандан тоок этин алып келүүгө чектөө киргизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuba_502
2018-10-10 13:31:02
Болот экен го ушинтсе
+3
Атасынын баласы
2018-10-10 13:50:40
Аа казак баурлар, келме кезек, терме тезек деген ушул...
+1
saat1200
2018-10-10 14:19:44
Ооба, баракелде кыргызым. Ошентип койгула анча мынча
+1
beka666
2018-10-10 15:13:03
Ушинтип тескеп иштешсе болот экенго, ал олко мынтип койду, бул олко мынтип койду деп унчукпай отура бербей, биз да эгемен олкобуз, алардын бизге туура келбеген нерселерине тыюу салсак болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан