Журналист Уланбек Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева бүгүн, 10-октябрда уул төрөдү. Бул боюнча маркумдун досу Каниет Жыргалбековго байланышканыбызда маалыматты тастыктады.
Анын айтымында, Абдинабиева Бишкек шаарындагы №2- төрөтканада көз жарган. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев өлүмүнөн бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган. Кийин анын денесине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, "Эгизбаевдин өлүмүнө сууга чөккөндүгү себеп болгон" деген жыйынтык чыккан.