Бир жыл мурун: Жээнбеков бир жылдык президенттикте эмнелерге жетишти?

Мындан бир жыл мурун өлкөнүн президенти шайланган. Үгүт кампаниясы старт алганда 13 талапкер ат салышканы маалым. Алар: Арстанбек Абдылдаев, Өмүрбек Бабанов, Азимбек Бекназаров, Сооронбай Жээнбеков, Эрнис Зарлыков, Улукбек Кочкоров, Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев жана Токтайым Үмөталиева.

17-сентябрда Бабанов менен Төрөбаев бириккенин жар салышкан. Алар "Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр" деген ураан менен үгүт кампаниясын улантышкан. Ал эми Камчыбек Ташиев болсо Сооронбай Жээнбековду колдоп, талапкерлигин алып салган. Азимбек Бекназаров теледебат учурунда талапкерлигин ала турганын айткан.

КСДПнын атынан Атамбаев досу Жээнбековду президенттик шайлоого алып чыккан

Президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү учурунда Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болчу. Дагы бир талапкер болот делгендердин бири ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков партиянын курултайында таарынычын айткандай түр көрсөтүп, КСДПнын ичинде өзгөрүү болушу керектигин билдирген. Бирок ошол эле күнү партиянын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов Турсунбеков өзүн президенттикке көрсөтсө, ага КСДПда орун жок экенин жашырган эмес. Партия Жээнбеков өлкөдө кайрадан авторитардык режимдин орношуна жол бербейт, президент болууга тажрыйбасы жетиштүү, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги менен күрөшкөн деген сыяктуу билдирүү тараткан. Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев баштаган көчтү улай турганын жар салган.

Өзүнө ишенген Бабанов "Жаңы шайлана турган президенттин фамилиясы Бабанов" болорун айткан

Өмүрбек Бабанов шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен барууну чечкен. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президенттик шайлоодон жеңишке жете турганын ишенимдүү айткан. "15-октябрда Кыргыз мамлекетинде жаңы президент шайланат, анын фамилиясы Бабанов", - деп ишенимдүү түрдө айткан.

"Коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайм". Жээнбеков менен Бабанов теледебаттан кайым айтышкан

Теледебатта Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүнү Өмүрбек Бабановдон баштай турганын айткан. "Сени мен балапан кезиңден билем. Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайм. 2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем", - деген.

Өмүрбек Бабанов: "Сооронбай Шарипович, мамлекеттин башчылыгына бараткандан кийин сыйлап-урматтап сүйлөңүз. Мен сизге эч качан балапан болгон эмесмин. Сиздей чиновник эмесмин. Кайдан байлык тапканыңызды сиз далилдеп бересиз. Мен дайыма бизнесте жүргөм. Мени Бакиев куугунтуктап, камай алган эмес. Жээнбековдор куугунтуктап, камай албайт. Менин артымда элим турат. Коркутуп-үркүтө турган сиз эмессиз", - деп жооп кайтарган.

"Биз жеңишке жетебиз". Атамбаев Жээнбековду ачык колдоп, Бабановду кескин сынга алган


Атамбаев 2017-жылы 25-июлда Ысык-Көлдө маалымат жыйында Жээнбековду колдой турганын ачык айткан. Ошол эле учурда Бабанов ээлик кылат деген НТС каналынын кабарчысынын административдик ресурсунун колдонулуп жатканы боюнча суроосуна жооп берип жатып "КСДПдан талапкер көрсөтүлбөгөндө Бабановду колдомокмун" деген.

Үгүт өнөктүгү учурунда Өмүрбек Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууга барганы Атамбаевге жакпай калган. "Назарбаев Бабанов менен жолукканда Кыргыз өлкөсүнө жаш президенттин келүүсүн колдой турганын айтыптыр. Мен бул сунушту колдойм. Бизде президенттикке эң улуу талапкер Назарбаевден 20 жашка кичүү. Мен андан 15 жашка кичүүмүн. Ошондо жаш президент кимге керек?" - деп Казакстанда 26 жылдан бери президент алмашпай келе жатканын кыйытып, коңшу өлкөнүн президентинин ички иштерге кийлигишүүсүнө нааразычылык билдирген. Казакстан Атамбаевдин мындай сынына Казак-Кыргыз чек арасынан жүктөрдү өткөрбөй коюу менен жооп кайтарган. Атамбаев жети дубанды түрө кыдырып, Бабановду "Назарбаевдин шестёркасы" деп атап, ал бийликке келсе, өлкөнүн көз карандысыздыгына коркунуч келтирет деген мааниде сөз сүйлөп, Жээнбековду колдоочулардын өсүшүнө шарт түзгөн.

Президенттик шайлоо күнү дагы Атамбаев Жээнбековду колдоп, ким анын жолун жолдосо, ошол мураскери экенин айтып, Бабановду сындаган. "Эки жума сайын үйүмө келип жүргөн, мени ага деген, “Сиздин жолуңузду мен гана улантам” деген Бабанов “биз башка жол менен баратабыз” деп билдирип чыкты. Мага Бабановду колдоо үчүн анын атынан чет өлкөлүк олигарх келип 20 миллион доллар сунуштаган. Мен сатылбай турган нерселер бар экенин айттым", - деп билдирген Атамбаев. Ошол эле күнү Бабанов маалымат жыйында Атамбаев тууралуу жаман сөз айтпаганын эскерткен.

Мындан тышкары Атамбаев шайлоо күнү өткөн маалымат жыйындын соңунда "биз жеңишке жетебиз, баары жакшы болот" деп журналисттер менен коштошкон.

Шайлоонун жыйынтыгы: Атамбаевдин досу жеңишке жеткен

Ошентип 2017-жылы 15-октябрында өткөн шайлоодо Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетти. Шайлоонун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков 54,22 пайыз, Өмүрбек Бабанов 33,83 пайыз добуш алган. Шайлоодон кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Бирок "улуттар аралык кастыкты козутуу" кылмыш иши токтоп турганын УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов парламент жыйынында билдирген. Быйыл 28-мартта Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

Атамбаев былтыр 20-ноябрда журналисттерге президент катары берген акыркы маалымат жыйынында Сооронбай Жээнбеков аны сатпай турганын айткан. "Соке досумду 22 жылдан бери билем. Кимиси гана саткан жок, бирок ал дайыма түз жүрөт. Туура эмес жол менен кетет деп ойлобойм. Туура эмес жол менен кетсе өзүнүн эле шору", - деп айткан Атамбаев.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында президенттик кызматка киришти.

Жээнбеков 1 жылга жетпей өзүнүн президенттикке келишине себепчи болгон Атамбаев менен араздашты

2017-жылдын аягында эл арасында Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин достук доору бүткөнү айтылып баштаган. 17-мартта Бишкекте "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" уюмдары 2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларына арнап эскерүү жыйынын өткөрүшкөн. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырсын" деп чыккан. Асылбек Жээнбеков Мискенбаевди "провокатор" деп атаган. КСДПнын курултайы өтө турганы белгилүү болуп, бирок курултайды өткөрүү күнү 5-6 жолу жылдырылган. 31-мартта курултай өтүп, Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп шайланган. Анда Атамбаев журналисттерге Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин айткан. Мискенбаевди "провокатор" деген Асылбек Жээнбеков Атамбаевдин бул сөзүнө үн каткан жок.

Бир жылга жетпей Атамбаев жогорку кызматтарга өстүргөн кадрлары камакка алынды

Жээнбеков менен Атамбаев эки жээкте калганы баарына белгилүү болгондон кийин камакка алуулар башталган.

29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда УКМК тарабынан тергөө бүткөнчө камакка алынган. Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубаныбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди жаңылоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атамбаев аталган адамдардын камалганын "негизсиз" деп эсептей турганын айткан.

Кадр алмашуулар орун алды

Шайлоонун шарапаты бүткөн соң 10 күндөн кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматтан кете турганын парламент жыйынында айткан. Ал бул чечимди 24 саат ичинде кабыл алганын билдирген. "Акыркы президенттик шайлоо алдында башталган Кыргыз мамлекетиндеги жалпы саясий температуранын көтөрүлүшү бүгүн түшүп келе жатат. Анткени эл өзүнүн президентин шайлап алды. Бирок ал температура толугу менен түшүш үчүн менин дагы отставкага кетишим туура болот деген чечимге келдим", - деп билдирген Турсунбеков.

Ошол учурда депутат Мыктыбек Абдылдаев Чыныбай Турсунбековго "Сизди бирөө кет дедиби?" деген суроо салган. Мындан улам КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Турсунбековду эч ким куугунтуктабаганын белгилеген.

Бабанов шайлоодон утулуп калганда Талас облусунда нааразычылык митинги орун алган. Дастанбек Жумабековдун төрагалык кызматка келишин аталган облустун өкүлү болгондугу менен жоромолдошкон.

2018-жылдын 19-апрелинде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Ошентип Исаков баштаган өкмөт отставкага кетти.

Жээнбеков Атамбаевдей эле буга чейин өзүнүн аппаратын жетектеп жаткан Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчылыгына жиберди. Өкмөттүн жаңы курамы менен социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын ордуна Алтынай Өмүрбекова, экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр Санжар Мукамбетовдун ордуна Замирбек Аскаров, айыл чарба боюнча вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин ордуна коопсуздук маселелер боюнча Жеңиш Разаков, ички иштер министри Улан Исраиловдун орунда Кашкар Жунушалиев, экономика министри Артём Новиковдун ордуна Олег Панкратов, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун ордуна Нурболот Мырзахметов, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ордуна Космосбек Чолпонбаев келди.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевдин ордуна Идрис Кадыркулов дайындалган. Сегизбаев өкмөт отставкага кеткенге чейин эле 6-апрелде кызматтан кеткен болчу.

10-апрелде президент Жогорку Кеңешке башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунушун, депутаттар президенттин сунушун киргизип, 11-апрелде колдогон. Анын ордуна Жалал-Абад облусунун прокурору Өткүрбек Жамшитов келген.

13-июлда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду шаардык кеңеш отставкага кетирип, 8-августта Азиз Суракматовду алып келишкен.

Бийликте калган Жээнбековдун туугандары

Сооронбай Жээнбеков КСДПнын атынан президенттикке талапкер катары сунушталганда анын бир туугандары жогорку кызматтарда иштеп келе жатышкандыгы эске салынып, "үй-бүлөлүк башкарууга айланып кетпейби?" деген чочулоолор болгон. Сооронбай Жээнбеков андай башкарууга жол бербесин ошол кезде да, бүгүнкү күндө да айтып келет. Бирок анын бир туугандары мамлекеттик жогорку кызматтардагы иштерин улантып жатышат. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт. Айрымдар бул көрүнүштү президенттин туугандары мурда эле бийликте болгонун айтышса, кээ бирлер Акаев, Бакиевдин күндөрүнө барып калышыбыз мүмкүн деп баалашууда. Жакында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз мамлекетинин Украинадагы элчиси Жусупбек Шариповго Молдова өлкөсүндө да элчилик милдетти аткаруусуна макулдук берген. Караколдун мэри болуп шайланган Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан