Казакстан Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн эт азыктарын киргизүүгө чектөө койгону боюнча Ветеринардык инспекциянын маалыматы жок

Казакстан Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн эт продукцияларын киргизүүгө чектөө койду. Бул тууралуу Казакстандын Айыл-чарба министрлигинин билдирүүсүнө таянып жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, Казак тарап 2018-жылдын 12-октябрынан баштап эт азыктарын Кыргыз жеринен алып келүүгө чектөө киргизди. Буга себеп Кыргыз өлкөсүнүн аймагында үй жандыктары арасында тарап жаткан коркунучтуу оорулар себеп болгон.

Чектөө Казак өлкөсүнө эт азыктарын алып кирүүгө уруксаты бар 4 ишканага киргизилди. Алар

  1. "Риха" ЖЧКсы;
  2. "Кант нан завод" Акционердик коому;
  3. "Баркад" ЖЧКсы;
  4. "Салих ЛТД" ЖЧКсы;
  5. "Адал-Азык" ЖЧКсы.

Айта кетсек, буга чейин Кыргыз тарап Казакстандан тоок этин алып кирүүгө чектөө киргизген. Ал эми Казак тарап бул чектөө мыйзамга туура келбесин айтып, өз нааразычылыгын билдирген.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясына байланышканыбызда азыркы тапта аларга чектөө киргизүү тууралуу эч кандай расмий маалымат келип түшкөн эмес. Бул боюнча дагы кошумча маалымат берилерин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolunbo.kyrgyz
2018-10-12 15:34:52
Мушташып кетпегиле эми атандашып бири бирине
0
Zhoro
2018-10-13 05:06:08
Казактын тоогун киргизбесен анын жообу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан