Биз социалдык тармакта

Кыргыз жеринде туулган футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын жаштар курамасы менен Македония курамасына гол киргизди

Кыргыз жеринде туулган футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын жаштар курамасы менен Македонияга гол киргизди. Беттеш 2019-жылы өтүүчү Европа чемпиондугунун алкагында Тула шаарында өттү.

Ильзат Ахметов аталган беттеште негизги курамда чыгып, 14-мүнөттө эсеп санын ачканга жетишти. Македония курамасынын коргоочусу дарбазанын алдынан ката кетирип, Ахметов аны колдонуп эсепти 1:0 кылып кетти.

Орусиянын жаштар курама командасы Македонияны жалпы 5:1 эсеби менен утуп алды.

Жаштар арасындагы Европа чемпиондугу 2019-жылы жай мезгилинде Италия жана Сан-Маринодо өтөт.

Евро-2019: Орусия-Македония
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан