Саясатчы Адахан Мадумаров: “Президенттин эң чоң кемчилиги - мурунку президенттердин кетирген каталарынан сабак албагандыгы”

Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо болуп өткөнүнө 1 жыл толду. Анда Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54 пайызынын колдоосуна ээ болуп, өлкө президенти болуп шайланган. Буга чейин Кыргыз өлкөсүн 4 президент башкарып, ар бири өзүнчө бааланып, тарыхка жазылып калды. Бири үй-бүлөсүн, бири жакындарын бийликке аралаштырып, коомчулуктун сынына, куугунтугуна кабылган. Ошонун "жемиши" менен 2 президент бозгунда жүрөт. Азыркы президент мурункулардан сабак алдыбы?

SUPER.KG порталынын "Жээнбеков өлкөгө президент болуп шайланганына 1 жыл болду. Ал Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев кетирген кайсы кемчиликтерди жоюп, кайсы катачылыктарды кайталап жатат?" соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.

Мадумаров президент кадр саясатында ката кетирип жатканын айтты.

“Президенттин эң чоң кемчилиги - 4 президенттин кетирген каталарынан сабак албагандыгы. Кадр жаатында өтө чоң каталар болуп жатат. “Ушул мага жагат” деген принциби чоң ката. Жаккан кишилеринде тажрыйба, демилге, чечкиндүүлүк жок. Анын кесепети бүтүндөй мамлекетке тиет. Бүтүндөй элдин тагдырына өзүнүн терс кесепетин тийгизет. Бүт кадрларынын эч нерсеге жөндөмү жок. Кыргыздар мындайды бар менен жоктун ортосундагы инсандар деп коёт. Булар менен кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү, кандайдыр бир кадамдарды жасай албайт. Себеби чечкиндүү кадамдарды тажрыйбалуу иш билги эр жүрөктөр жасайт. “Мени көрбөсүн, мени байкабасын” деп башын ичине катып жүргөндөрдөн эч качан жыйынтык чыкпайт. 5 президенттин бардыгынын катасы - “менден кыйын киши менин жанымда болбошу керек” деген принциби.

Кыргыз мамлекети 2018-жылды КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экономикасы, жашоо-шарты эң төмөн 11-орунда турган өлкө катары жылды аяктап жатабыз”, - дейт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Таалатбек Масадыков, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев жана Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан