Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов: “Эл арасында үмүт менен кошо көңүл калуу дагы бар”

Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо болуп өткөнүнө 1 жыл толду. Анда Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54 пайызынын колдоосуна ээ болуп, өлкө президенти болуп шайланган. Буга чейин Кыргыз өлкөсүн 4 президент башкарып, ар бири өзүнчө бааланып, тарыхка жазылып калды. Бири үй-бүлөсүн, бири жакындарын бийликке аралаштырып, коомчулуктун сынына, куугунтугуна кабылган. Ошонун "жемиши" менен 2 президент бозгунда жүрөт. Азыркы президент мурункулардан сабак алдыбы?

SUPER.KG порталынын "Жээнбеков өлкөгө президент болуп шайланганына 1 жыл болду. Ал Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев кетирген кайсы кемчиликтерди жоюп, кайсы катачылыктарды кайталап жатат?" соболуна президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жооп берди.

Ниязовдун пикиринде, Сооронбай Жээнбековду мурунку президенттер менен салыштырууга али эрте.

“Менин көз карашым боюнча, президенттин ишине баа берүү үчүн жылдын аягына чейин же 24-ноябрга, тагыраагы, инаугурация болгон күнгө чейин күтүү керек. Эл арасында үмүт менен кошо көңүл калуу дагы бар. Жаңы командага элдин биримдиги жана экономиканын өнүгүшү боюнча көп реалдуу кадамдарды каалайм. Атамбаевдин убагында бул үчүн жакшы база түзүлгөн”, - дейт Ниязов.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Таалатбек Масадыков, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев жана Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан