2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Таалатбек Масадыков: "Жээнбековдун командасы алсыз, тажрыйбасы жок болуп жатат"

Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо болуп өткөнүнө 1 жыл толду. Анда Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54 пайызынын колдоосуна ээ болуп, өлкө президенти болуп шайланган. Буга чейин Кыргыз өлкөсүн 4 президент башкарып, ар бири өзүнчө бааланып, тарыхка жазылып калды. Бири үй-бүлөсүн, бири жакындарын бийликке аралаштырып, коомчулуктун сынына, куугунтугуна кабылган. Ошонун "жемиши" менен 2 президент бозгунда жүрөт. Азыркы президент мурункулардан сабак алдыбы?

SUPER.KG порталынын "Жээнбеков өлкөгө президент болуп шайланганына 1 жыл болду. Ал Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев кетирген кайсы кемчиликтерди жоюп, кайсы катачылыктарды кайталап жатат?" деген соболуна 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Таалатбек Масадыков жооп берди.

Анын пикиринде, коррупцияга каршы күрөш аягына чыгарына ишениш кыйын.

“Менин оюмча, Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине ноябрда 1 жыл болот. Жаңы келген бийликке өзүн көрсөтүшү үчүн мөөнөт бериш керек. Ал мөөнөт 3 ай, 6 ай же 1 жыл болот. Дүйнөлүк практикада 1 жыл – бул эң узак мөөнөт. Биздин мамлекет өтө оор абалда. Мамлекетти оңдоп кетем деген киши кыйналат. Маселе топтолуп калган. Албетте, Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшөм дегени жаңылык болду. Себеби анын тушунда мурунку премьер-министрлер, экс-мэрлер тергөө абагына отургузулду. Коррупцияга каршы күрөш башталды дегенине 1 жыл болду. Бирок эч кимисине сот чечими чыга элек. Элде соодалашып жатабы деген күмөн бар. Коррупцияга каршы күрөш аягына чыгарына ишениш кыйын. Коррупцияга каршы күрөш дегенибиз менен, Бажы жана Салык кызматында дагы деле коррупциялык системдер ошол бойдон иштеп жатат.

Экономика тармагын айтсам, президенттин чет өлкөгө жасаган ар бир сапарында саламдашып, “мен президентмин” деп эле кайра өлкөгө келип калганы жакшы эмес. Натыйжа болушу керек. Кытайга барганда 75 миллион доллар алып келиптир деп жатышат. Бирок ал сумма Кытай жана эл аралык мамиле үчүн “муну алып, тынч отуруп тургула” деген эле нерсе. Чек ара маселеси да чечилбей келе жатат. Бир жыл болду, бирок жалгыз президентти күнөөлөй берген да туура эмес. Анын командасы алсыз, тажрыйбасы жок болуп жатат.

Аскар Акаев акыркы 5 жылда бийликти менчиктештирүүгө киришкен. Ал эми Курманбек Бакиев башынан эле ошентти. Роза Отунбаева 1 жарым жыл гана иштеп, кыйын абалда президент болду. Аны салыштырыш кыйын. Алмазбек Атамбаев болсо көп нерселерди жасадым деп айтып жатат. Бирок анын аягын көрүп жатпайсыңарбы. Алып келген инвестициянын бардыгы коррупция экен. Акыркы 6 жылда өлкөбүздүн эл аралык аброю аябай түштү. Көптөн бери өлкөдөн сыртта жашап жаткандыгым үчүн азыркы президенттин же башка чиновниктердин туугандары тууралуу маалыматым жок. Учурда кадрлар алмашып жатканы менен аябай алсыздар келүүдө. Мамлекетте кызматка татыктуулар жокпу? Же аларды кызматка алгысы келбей жатабы?” - деди Масадыков.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан