ЭЛДИК КАБАР: Аксы жана Кадамжай райондорунда кар жаап жатат, электр жарыгы өчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кар жаады. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Бүгүн, 16-октябрда Аксы районунун Жерге-Тал айылында кар жаап, күн суук болууда. Алма, кара өрүк терилип бүтө элек болчу. Күн суук болгону аз келгенсип түндө электр жарыгы өчүп, дале күйө элек", - дейт окурман.

Дал ушундай билдирүүнү Кадамжай районунун тургуну да жөнөткөн. Ал: "Күн суук болуп жатса да оңдоо иштери жүрөт деп электр жарыгын саат 17:00гө чейин өчүрүшүптүр. Ушул убакка чейин эмне себептен даярдашпайт?" - деди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Аксыда кар жаап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
wirintai27
2018-10-16 14:51:07
Тоок ХХХХХ келгенде какылыктайт болуп эми ондойт да булар
0
Sahka
2018-10-16 14:56:18
Эски доор башталдыбы дейм да. Ремонтту шылтоолоп очуро башташкан го дагы
0
milan-707
2018-10-16 23:14:51
Кечиресинер кадамжайда кар жаган жок пока зима не будет декабрь да зима будет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан