Бүгүн, 16-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Айдарбеков эки жылга чукул Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчиси болуп иштеди.
Саясатчы, эксперттердин “өлкөдө үй-бүлөлүк башкарууга кайтуу коркунучу бар” деген эскертүүлөрү бийликтин кызматтык дайындоолоруна кызыгууну күчөтүүдө. ТИМ жетекчилигине сунушталган Чыӊгыз Айдарбеков президенттин иниси Асылбек Жээнбеков таптаган кадр экени талкууланып жатат. 41 жаштагы Айдарбеков Акаев-Бакиевдин тушунда ТИМ системинде бөлүм башчы, кеӊешчи өӊдүү кызматтарда иштеп келген. 2011-2012-жылдары президенттик аппараттын Тышкы байланыш жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеди. Анын жогорку кызматтагы жылдызы Асылбек Жээнбековдун спикерлиги тушунда жанды десе болот. Жээнбеков 2011-жылдын соӊунан 2015-жылга чейин Жогорку Кеӊештин төрагасы болуп турса, Айдарбеков 2012-жылдан 2016-жылга чейин Жогорку Кеӊештин аппаратынын тышкы байланыш жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп, андан соң Японияга элчи кызматына жиберилген.
Коомчулукта ТИМ жетекчилигине татыктуу деп 2017-жылы президенттик шайлоого талапкер болгон Таалатбек Масадыковдун, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун ысымдары аталып жаткан. Адахан Мадумаров өңдүү саясатчылар азыркы президент мурунку президенттердин катасынан сабак алган жок деп сындашууда. Алмазбек Атамбаев президенттикте турганда өзүнүн мурдагы жан сакчы, жардамчыларын жооптуу кызматтарга дайындаганы үчүн сындалып жүргөн. Азыркы бийликте да ошол өңдүү окуялар бир жылга жетпей жолугууда. Буга чейин учакта чыр салып, үч өлкөнүн өкүлдөрүн аралаштырып “жылдыз” болгон Зууракан Каденованын да 2010-жылга чейин депутат Асылбек Жээнбековдо иштегени, бир тууган Жээнбековдордун бир нече жылдан бери көтөрмөлөп келе жаткан кадры экени талкууга түшкөн эле. Дал ушул Каденованын учактагы чырдуу окуясын жашыруудан баш тарткан, ТИМдеги олуттуу кемчиликтерди ачык айтып чыккан мурунку элчи Кылычбек Султан бийликтин коррупция менен күрөшүүгө ниети жок экенине көзү жеткенин жарыялап, коррупция тууралуу ачык айтып чыккан адам өзү куугунтукталарын көргөн соң башка өлкөдөн саясий башпаанек суроого аргасыз болду.
Өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүүчү негизги органга Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде бир нече жыл иштеген адамдын көрсөтүлүшү ушундай ойго жетелейт...
Саясатчы Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоонун 1 жылдыгына карата билдирүү жасады. “Президентибиз экинчи жолу шайлоонун негизинде алмашты. Кеӊешип кескен бармак оорубайт, демократияны түптөөдө бул абдан маанилүү” дейт ал.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасы 2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин “өлкөдө президент биринчи жолу тынчтык жолу менен алмашты” деп айтып чыккан. Бабанов өз билдирүүсү менен 2011-жылы Роза Отунбаева да президенттик кызматты тынчтык жолу менен өткөрүп бергенин эскертип өттү.
“Республиканын” лидери президенттик шайлоодо аны колдогон 568 миӊ шайлоочусуна ыраазычылык билдирди. 1 жыл мурун шайлоочулардын 34 пайызынын колдоосу менен президенттик жарышта 2-орунду алган адам бүгүн өзүнө ачылган күмөндүү кылмыш иштеринен улам өлкөгө келе албай чет жерде жүрөт. Ага 2017-жылы 4-ноябрда “улуттар аралык кастыкты козутуу, Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Көз карандысыз эксперттер “Бабановдун сөзүндө улуттар аралык кастыкты козутуучу белгилер жок” деген корутунду чыгарышкан. Ага карабай бийликтин жазалоочу органдары Бабановду өлкөдөн чыгып кетүүгө, саясаттан алыстоого аргасыз кылышты. Бийлик алмашкан соң өлкөдө абал өзгөрөр деп күткөндөрдүн тилеги бир жыл ичинде сууп жетишти. Бабанов эле эмес күмөндүү иштердин негизинде айыптары далилденбеген абалда эле соттолуп, камакта отурган саясатчыларга мамиле өзгөрө элек. Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов өңдүү саясатчыларга сот адилеттүүлүгүнө жетүүгө, иштерди кайра кароого мүмкүнчүлүк берилбеди...
Табият быйылкы кыш узакка созуларын эртелеп эскертип жаткандай. Октябрь жарымдай электе өлкөнү суук каптап, тоолуу аймактарга кар жаады. Эртелеп жааган кар, суук аба ырайы энергетика тармагынын чамасын жана өкмөттүн кышка даярдыгын сынай баштады.
SUPER.KG порталынын Аксы, Кадамжай аймактарындагы окурмандары “мурда даярданбай эмне кылышкан? Кар жааган күнү айылдарда электр жарыгын өчүрүп салышты” деп даттанышты. Аксынын энергетиктери айрым айылдарда электр жарыгы өчкөнүн ырастап, аны кар жааганда дарак бутактары сынып электр чубалгыларын үзүп кеткени менен түшүндүрүштү. Ал эми Кадамжайда электр жарыгынын өчкөнү кышка даярдык иштерине байланыштуу экени айтылды. Эртелеп түшкөн суук эгинин, жер-жемишин толук жыйнап бүтө элек дыйкандарды да чочулатып жатат. Бишкектин жашоочулары да жылуулук сурай башташты. Өкмөттүн маалыматына таянсак, сууктун күчү кайтпаса Бишкек ЖЭБи шаарга 17-октябрдан тарта жылуулук берип баштайт. Жогорку Кеӊештин комитети өкмөттүн кышка даярдыгын мындан 2 апта мурун карамак, бирок 2 жолу жооптуу вице-премьер Кубатбек Бороновдун комитет жыйынына келбей койгону үчүн маселени артка жылдырган. Бул жума дагы каралган жок. Албетте, өкмөт менен парламенттин шартын күтүп отурбайт, кыш алгачкы саламын жолдоду...