super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды (өмүр баяны)

 

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мыйзамга ылайык, өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен учурда өкмөт башчы талапкерди парламентке сунуштайт, парламенттин чечиминен соң президент жарлык чыгарат.

12-октябрда мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кеткен. Бул отставка Кыргыз Республикасынын Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын ТИМдеги кемчиликтер жана коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыкканы жана ал боюнча Коопсуздук кеңештин элчинин айтып чыкканы аныкталганын моюнга алуу менен коштолгон.

Чыңгыз Айдарбеков учурда Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси.

Өмүр баяны

Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктап, “эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы – ошол эле университеттин “юриспруденция” боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура деңгээли ыйгарылган.

Эмгек иш-аракетин 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.

2001-2003-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн;

2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы;

2005-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;

2008-жылы – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

2008-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси;

2011-жылы – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2012-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Сыйлыктары

2014-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган.

2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси” дипломатиялык рангы берилген.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: